Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:42

Өзбекстан СССР доорунда басмачылыкка айыпталган 240 кишини актады


Иллюстрациялык сүрөт. СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин (Совнарком) Бириккен мамлекеттик саясий башкармалыгы (ОГПУ) тарабынан өлүм жазасына тартылган жана сүргүнгө айдалгандар.
Иллюстрациялык сүрөт. СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин (Совнарком) Бириккен мамлекеттик саясий башкармалыгы (ОГПУ) тарабынан өлүм жазасына тартылган жана сүргүнгө айдалгандар.

Өзбекстандын Жогорку Соту совет бийлиги 1920-1930-жылдары басмачылардын катарына кошулганы үчүн репрессиялаган 240 кишини актады. 24-августта жарыяланган соттун чечимине ылайык, акталгандардын көбү ошол кезде дароо эле өлүмгө өкүм кылынган, айрымдары көп жылдарга концлагерлерге камалгандар болгон.

Өзбекстандын Жогорку Соту мындан эки жыл мурун дагы басмачылыкка жана антисоветтик аракеттерге айыпталган 115 адамды актаган эле. Муну талдоочулар Борбор Азияда басмачыларды актап, саясий реабилитацияга жол ачкан алгачкы учур катары белгилешкен.

Өзбекстанда 31-августта Куугунтук курмандыктарын эскерүү күнү белгиленет. Быйыл апрелде Өзбекстандын Жогорку соту өткөн кылымдын 30-жылдары саясий репрессиянын курмандыгына айланган 208 кишини актаган.

1918-1930-жылдары Борбор Азияда совет бийлигине каршы чыккан кыймылдар тууралуу талаштуу пикирлерге азырга чейин чекит коюла элек. Совет бийлигине каршы басмачылык кыймыл Борбор Азиянын чоң аймагын кучагына алган, өзгөчө Фергана өрөөнүндө, Кыргызстандын түштүгүндөгү кеңири жайылганы белгилүү. Бул кыймылдын пайда болушуна большевиктер менен дашнак (армян кошууну) кошуундарынын Кокон автономиясын кандуу-булоон талкалоосу негиз болгон.

Кыргызстанда дагы изилдөөчүлөр арасында, коомчулукта совет бийлигине каршы чыккан кыймылдар тууралуу карама-каршы пикирлер көп. Тарыхчылар бул кыймылга “Улуттук боштондук кыймыл” деген баа берген. Алар "советтик пропаганда менен элге каршы кыймыл катары көрсөтүлүп, азырга чейин коомдо талаш пикир бар" деп эсептешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG