Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Түндүк-түштүк альтернативалык жолуна көчкү түшүп, жол жабылды


Түндүк-түштүк альтернативалык жолу.
Түндүк-түштүк альтернативалык жолу.

Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун Арал-Казарман тилкесине көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 25-августта билдиргендей, көчкүнүн көлөмү 5 миң куб метр болгон.

Көчкү түшкөн жерде жабыркагандар жок, ага жакын жерде калган 30-40 киши чыгарылган. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.

Буга чейин да ушул эле жол тилкесиндеги тоо боорунан таштар түшүп, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 8-августта жол толугу менен тазаланганын билдирген.

Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык бул жол өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң дымактуу долбоор катары айтылып жүрөт. Анын 200 чакырымга жакыны мурда жол такыр түшпөгөн тилкелер аркылуу салынууда.

Бул жолду куруу 2015-жылы башталган жана долбоорго 937 миллион долларлык насыя алынган (46 миллиону - грант). Бул каражаттын 560 миллиону өздөштүрүлгөн деп айтылган болчу. Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.

Мындан туура бир жыл мурда жолдун Жумгалдагы Арал айылынан Тогуз-Тородогу Казарман айылына чейинки 100 чакырым аралыгы колдонууга берилген. Кан жол Көкөмерен жана Нарын дарыясын жээктеп салынган. 100 чакырым жолдун 87 чакырымы мурда жол түшө элек жерден өткөн. Быйыл жыл башында Көк-Арт ашуусунда кошумча кичи тоннел ачылган.

Буга чейин жаз айларында бул жолдо таш кулап, сел жүргөн окуялар катталган жана парламентте жолдон жүрүүгө өтө кооптуу абал жаралганы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG