Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:15

БШК Өмүрбек Бакировдун депутаттык каттоосун, күбөлүгүн жокко чыгарды


Өмүрбек Бакиров.
Өмүрбек Бакиров.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-августта жыйынга чогулуп, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратуу тууралуу соттун чечимдерин карады.

Анда мекеменин Бакировду депутат кылып каттаган чечимин жана депутаттык күбөлүгүн жокко чыгаруу тууралуу токтомдун долбоорун жыйынга катышкан БШКнын 12 мүчөсү тең бир добуштан колдоду.

Бакировдун өкүлү Бакытбек Мажитов сот жараяндарында депутаттык мандаттан ажыратууга негиз болгон жагдайлар аныкталбаганын билдирди.

"Мыйзамдарда депутаттык макамдан ажыратууга негиз болгон 11 берене бар. Ошол негиздер соттордо аныкталган жок. Мындан 20 ай мурун өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу - бул элдин үнүн, 10788 шайлоочунун тандоосун жокко чыгарууга барабар. Бул уникалдуу соттук тажрыйба болуп жатат. Биз жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деп кайра эле сотко кайрылганбыз, азырынча аны кабыл алуу же албоо маселеси чечиле элек",- деди Мажитов.

Жогорку Сот 18-августта Өмүрбек Бакиров шайланып келген №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Бакиров буга байланыштуу “Азаттыкка” комментарий берип, чечимди "мыйзамсыз" деп атаган.

Андан бир айда мурпда Бишкек шаардык соту Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Бишкектин административдик соту чечимди 7-июнда чыгарган.

Соттордо БШКнын бул округда шайлоо өткөнү тууралуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду депутат катары тааныган чечимдери да жокко чыгарылган.

2021-жылы ноябрда аралаш системадагы парламенттик шайлоодо бул округдан жети талапкер ат салышкан. Алардын бири, экс-депутат Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын аягында сотко Бакировду добуш сатып алууга айыптап кайрылган жана анын мандатын жокко чыгаруу тууралуу арыз жазган.

Бакиров анда “Азаттыкка” комментарий берип жатып, муну Кемпир-Абад маселесинде мыйзам долбооруна каршы добуш бергени менен байланыштырган.

2022-жылдын 17-ноябрында парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда Өмүрбек Бакиров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен.

Бир нече күндөн кийин Өмүрбек Бакировду парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарып, бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал аталган мыйзам долбооруна каршы добуш берген 19 депутаттын катарында болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG