Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Псковдо аэродромдогу чабуулда төрт аскердик учак жабыркаганы айтылды


Айрым бир маалыматтарга караганда Псковдогу чабуулда Ил-76 үлгүсүндөгү төрт аскердик учак жабыркады.
Айрым бир маалыматтарга караганда Псковдогу чабуулда Ил-76 үлгүсүндөгү төрт аскердик учак жабыркады.

Орусиянын Псков шаарында 30-августка караган түнү дрондор менен чабуул жасалганы кабарланды. Айрым маалыматтарга ылайык, анда аэродром бутага алынган жана чабуулда Ил-76 үлгүсүндөгү төрт аскердик учак жабыркады. Аэропорт 31-августка чейин жабылганы белгилүү болду.

Бул шаар Украинанын чек арасынан 800 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аймактын губернатору шаршембиге караган түнү чабуул болгонун ырастады жана анын кесепети такталып жатканын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги 30-августка караган түнү Москва шаарына, Калуга, Рязань, Брянск облустарына жана аннексияланган Севастополго дагы дрондор менен чабуул болгонун, анын айрымдары атып түшүрүлгөнүн билдирди. Москвадагы "Внуково" жана "Домодедово" аэропорттору кайра жабылды.

Москванын мэри Сергей Собянин шаарды көздөй учурулган дрондор жок кылынганын, баштапкы маалыматка ылайык жараат алгандар, жабыркагандар жоктугун билдирди.

Соңку кездери Орусия Украина менен чектеш аймактары такай чабуулга кабылып жатканын маалымдап, буга байланыштуу Украинаны күнөөлөп келет. Киев буга байланыштуу адатта комментарий бербейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG