Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:19

Казакстанда куудул Мусагалиевдин концертине тыюу салуу талабы көтөрүлдү


Азамат Мусагалиев.
Азамат Мусагалиев.

Казакстандыктар орусиялык куудул, этностук казак Азамат Мусагалиев менен ал жетектеген "Камызяки" КВН командасынын Астана менен Алматыда белгиленген концерттерине тыюу салууга бийликти чакырышты. Буга Мусагалиев менен анын кесиптештеринин Москва аннексиялап алган Донецк облусунда орус аскерлерин колдогон 8-сентябрдагы концерти түрткү болду.

Донецк облусундагы концерттен кийин Мусагалиевди украин бийлиги «орус-фашисттик басмачыларга жана террорчуларга көмөктөшкөн» деген тизмеге киргизди.

Азамат Мусагалиев – Астрахань шаарында төрөлгөн.

«Силерге Алматы менен Астанага жол жабык!», «Азаматтан биз күткөн эмеспиз» деп жазышты казакстандыктар анын Интернеттеги социалдык баракчаларына.

Орусия Украинага кол салгандан бери Азамат Мусагалиев согуш тууралуу билдирүү жасаган эмес.

Буга чейин коомдун талабы менен Казакстанда согушту колдогон орусиялык Полина Гагарина, Григорий Лепс, Лариса Долина сыяктуу ырчылардын концерттерине тыюу салынган. Мындан тышкары согушту колдогон актёр Сергей Глушко катышкан спектакль да коюлбай калган.

XS
SM
MD
LG