Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Министрлик баш-аягы алмашып калган китептер тууралуу түшүндүрмө берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги баш-аягы алмашып калган окуу китептери тууралуу түшүндүрмө берди. Мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Үмөталиева социалдык тармактарда тарап жаткан китептерге министрликтин жана "Учкун" басмаканасынын тиешеси жок экенин билдирди. Анын айтымында, "Кыргызстандын тарыхы" китебин менчик "Инсанат" басмаканасы, "Мекен таанууну" "Экспресс принт" басып чыгарган.

"Быйыл биринчи жолу Билим берүү жана илим министрлиги "Учкун" басмаканасы менен биргеликте окуу китептерин басып чыгарып жатат. Алар басмаканадан райондорго, андан мектептерге түз жеткирилүүдө. Алар базарда сатылган жок. Мындай жерлерде менчик басмаканалардан чыккан китептер сатылууда".

Социалдык тармактарда баш-аягы алмашып чыккан китептердин видеосу тарап, бул үчүн министрликтин ишин сындагандар болгон.

Жаңы окуу жылы башталганда Кыргызстанда мектеп окуучуларына китептер жетишпей жатканы үчүн аталган мекеме сынга кабылды. Ата-энелер билим берүү мекемелеринде жок китептерди базарлардан сатып алып жатканын айтып жатышат.

Министрлик бардык мектеп окуучуларын китеп менен толук камсыздоо үчүн 5 млрд сомдон ашык каражат талап кылынарын кабарлаган.

Өткөн аптада президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевди тапшырылган милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбады деген негизде кызматынан бошоткон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG