Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:32

Ташиев эгер Тажикстан чек ара дооматынан баш тартпаса, Кыргызстан дагы жаңы документтерге таянып, доомат коерун айтты


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстан Кыргызстанга карата айрым чек ара дооматтарынан баш тартпаса, Кыргызстан тарыхый документтердин негизинде укуктук жактан коңшу өлкөгө доомат артса болорун билдирди.

15-сентябрда Ташиев Баткенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз бийлиги чек ара боюнча жаңы документтерди тапканын, көптөгөн жер коңшу өлкөгө өтүп кеткенин ошол кагаздардын негизинде аныктап бере аларын айтты:

“Коңшубуз Тажикстан биздин мамлекетибизге чек ара боюнча территориялык дооматын коюп келген. Биз андай эч кандай дооматтар болбошу керек деп жооп берип келдик. Биз жакынкы күндөрү жаңы документтерди таптык. Анын негизинде Кыргызстандын көптөгөн жери Тажикстанга өтүп кеткенин биз билебиз, аны юридикалык тарыхый документтер менен тактап бере алабыз. Эгер коңшу мамлекет Кыргызстанга койгон территориялык дооматынан баш тартпай турган болсо, анда биз өзүбүз юридикалык жактан ошол коңшуларга территориялык дооматтарды коебуз”.

Өкмөттүн Делимитация жана демаркация боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев Ташиевдин айткандарын ырастап, атайын кызматтын башчысы айткан документтер архивдерден алынганын билдирди. “Тажик тарап туура эмес дооматтарды коюп жатпайбы. Кайсы жерлер жөнүндө сөз болуп жатканы айтылбайт. Бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө тоскоолдук жаратып калат”, - деди Бөрүбаев.

Тажикстандын бийлиги Ташиевдин соңку билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

14-сентябрда Дүйшөмбүдө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын лидери Эмомали Рахмондун жолугушуусу өтүп, кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоону талкуулашты. Бишкек менен Дүйшөмбүнүн расмий тараткан кабарында чек ара боюнча учкай гана маалымат айтылды.

Эки лидер быйыл 2-июнда Чолпон-Атада “Борбор Азия – Европа Биримдиги” саммитинде жолуккан. Анда эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселесине өзгөчө көңүл бурулганын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасынын тактала электигинен улам ортодо кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталган. 2022-жылы 14-17-сентябрда чек арада куралдуу жаңжал катталып, анда Кыргызстан 63 жаранынан айрылган, 206 киши ар кандай жараат алган. Бир катар социалдык объектилер, турак жайлар кыйрап, өрттөлгөн. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган.

2021-жылы 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашуун тургун жараат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган.

Кыргыз-тажик чек арасы жалпысынан 972 чакырым. Чек араны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин былтыр эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG