Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

Дүйшөмбү саммити: Жапаров суу, энергетика көйгөйүн көтөрдү


Садыр Жапаров Борбор Азия саммитинде. 14-сентябрь, 2023-жыл.
Садыр Жапаров Борбор Азия саммитинде. 14-сентябрь, 2023-жыл.

14-сентябрда Тажикстанда өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммитинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аймактагы суу-энергетикалык көйгөйлөрдү көтөрдү.

"Суусуз жашоо болбойт"

Кыргызстан өзүндө суу тартыш болуп, суу чарба жана гидротехникалык объектилери зыянга учураганына карабай мамлекеттер аралык милдеттенмелерин аткарып жатат. Башкача айтканда өзүнө жетпесе да коңшу өлкөлөргө суу берүүдө.

Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Дүйшөмбү саммитинде сүйлөгөндө белгилеп, аймактагы мамлекеттерди суу ресурстарын пайдаланууда жана энергетика чөйрөсүндө чогуу кызматташууга чакырды.

“Акыркы жылдары дүйнө жүзү боюнча айрыкча биздин аймакта климаттын өзгөрүшүнүн терс таасири барган сайын күч алууда: аномалдуу суук, чукул кырдаалдар, узакка созулган кургакчылык жана суунун аздыгы. Натыйжада кышында Кыргызстанда жана Борбор Азиядагы коңгу өлкөлөрдө аномалдуу сууктан электр энергиясын керектөө кескин өстү, ал эми жайкысын кургакчылыктан жана суунун аздыгынан улам бардык жерде суу тартыштыгы жаралды. Менин оюмча жыл сайын суу азайып, ага болгон муктаждык көбөйүп баратканы баарына айкын болуп калды”, - деди Жапаров.

Жапаров Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан ортосундагы 1998-жылкы "Нарын-Сырдарыянын суу жана энергетикалык ресурстарын пайдалануу жөнүндө" макулдашуунун алкагында кызматташтыкты жандантууга даяр экенин айтты. Ал макулдашууда өлкөлөр ортосунда суу жана энергетикалык ресурстарды тең салмактуу алмашуу каралган.

Борбор Азия президенттери. Азербайжандын президенти Илхам Алиев конок болуп чакырылган.
Борбор Азия президенттери. Азербайжандын президенти Илхам Алиев конок болуп чакырылган.

Кыргыз президенти Борбор Азияда энергетикалык ресурстарды үнөмдөөгө өбөлгө болчу заманбап технологияларды киргизүү боюнча регионалдык борборду Бишкек шаарында түзүүнү сунуштады.

Ошондой эле Жапаров Кыргызстан суу саясаты өзгөртүп жатканын, мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын калыптандыруу зоналарын сактоого багытталган иштер жүрүп жатканын айтып, “мөңгүсүз суу болбойт, ал эми суусуз жашоо болбойт”, - деди.

Бишкек - Астана: Суу сынаган мамиле

Расмий Бишкектин саммитте суу маселесин көтөргөнү жөн жеринен эмес. Быйыл Борбор Азияда кургакчылык болуп, сугат суунун тартыштыгы Кыргызстан, Казакстандын айрым аймактарына кесепетин тийгизди.

Кыргызстан август айынын башында Киров суу сактагычындагы суунун аз болгондугуна байланыштуу Казакстанга суу берүүнү убактылуу токтоткон. Коңшу өлкөгө Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарынан суу берген Кыргызстан бардык милдеттенмелерин аткарганын белгилеген. Быйыл бул эки суу сактагычта тең суунун көлөмү эң төмөнкү чекке түштү.

Ошол учурда кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетте жүк ташуучулардын узун кезеги пайда болуп, маселе бир нече күн чечилбей турду. Айрым серепчилер муну суу дипломатиясына байласа, эки өлкөнүн расмий органдары ал версияны четке каккан.

Ошентип аймакта суу каатчылыгы курч бойдон турат. Кыргызстан коңшулары Өзбекстан менен Казакстанга суу топтоп берет. Соңку жылдары өлкөдөгү негизги электр энергиясын өндүргөн Токтогул ГЭСине суу аз топтолуп, электр таңкыстыгы жаралууда.

Энергетика боюнча эксперт Жаныбек Оморов коңшу өлкөлөр кызматташтыкты күчөтүп, сууну эффективдүү пайдаланууга өтүшү керектигин белгилейт.

“Көп жылдардан бери регионалдык кызматташтык төмөн болуп келди. Бардык тараптан чыгымга учурап, Борбор Азия мамлекетинде суу таңкыстыгы башталды. Кызматташтык деңгээлди экономикалык негиздер менен көтөрүшү керек. Көпкө чейин саясий амбиция менен жүрүштү. Айрыкча бири-бирин көз каранды кылууга аракет кылышты. Эми болгон сууну натыйжалуу пайдаланып, жоготууларды азайтуу керек. Суу кандай бөлүнүп, кандай пайда алып келип жатканды түшүнүү зарыл”, - деди эксперт.

Шотландиядагы Глазго университетинин Борбор Азия боюнча окумуштуусу Лука Анчески "Азаттыкка" курган маегинде климаттын өзгөрүүсү аймактагы суу маселесин дагы курчутарын белгилейт.

Лука Анчески
Лука Анчески

"Бул жагдай климат өзгөрүп жаткан шартта өзгөчө маанилүү. Себеби климаттын өзгөрүүсү жамааттык чараларды талап кылат. Бирок андай болбой жатат. Буга Борбор Азиядагы суу саясатын мисалга алсак болот. Чөлкөмдө суунун башындагы өлкөлөр менен суунун ылдый жагындагы өлкөлөрдүн ортосунда эки ача пикир бар. Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана айдоо аянттарын сугаруу үчүн сууну бөлүшүүгө туура келет. Бирок Борбор Азия өлкөлөрү бул максатты ийгиликтүү ишке ашыруунун жолдорун иштеп чыга алган жок. Бул маселелерге байланыштуу далай жолугушуулар жана саммиттер өткөрүлдү. Бирок көйгөйдү чындап чечүүгө багытталган саясат иштелип чыккан жок", - деди окумуштуу.

Астана экономиканы, Дүйшөмбү ооган маселесин көтөрдү

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев алдыңкы он жылдыкта Борбор Азиянын экономикалык мүмкүнчүлүгү чоң экенин айтып, аны илгерилетүү аймактагы өлкөлөрдүн өз ара кызматташтыгынан көз каранды экенине токтолду.

"Келечекте биздин өлкөлөрдүн өз ара товар жүгүртүүсүн 15 млрд долларга жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн тоскоолдуктарды жоюп, туруктуу соодага шарт түзүү маанилүү", - деди Токаев.

Ал эми тажик лидери Эмомали Рахмон Ооганстан маселесин көтөрүп, аймактагы коопсуздук, баңгизатка каршы күрөштө биргелешкен кызматташтыкты айтып өттү.

Борбор Азия президенттери. Азербайжандын президенти Илхам Алиев конок катары чакырылган.
Борбор Азия президенттери. Азербайжандын президенти Илхам Алиев конок катары чакырылган.

Кыргыз-тажик алакасы

Саммиттин алкагында президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун жолугушуусу өтүп, кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоону талкуулашты. Бишкек менен Дүйшөмбүнүн расмий тараткан кабарында чек ара боюнча учкай гана маалымат айтылды.

Жапаров менен Рахмон быйыл 2-июнда Чолпон-Атада “Борбор Азия – Европа Биримдиги” саммитинде жолуккан. Анда эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселесине өзгөчө көңүл бурулганын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирген.

Кыргыз- тажик чек арасы жалпысынан 972 чакырым. Чек араны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин былтыр эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

2021-жылдын жазында жана 2022-жылдын күзүндө кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяларда эки тараптан тең бир катар айылдар талкаланып, өрттөлгөн, ондогон киши каза тапкан. Кыргызстанда миңдеген тургун үй-жайын убактылуу таштап качууга мажбур болгон.

14-15-сентябрда Дүйшөмбүдө Борбор Азияда кара жол менен каттаган транспорт тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө тууралуу келишимге кол коюлары кабарланган. Тажик тараптын маалыматына караганда, келишим аймактагы өлкөлөрдүн транспорт жана логистика жаатындагы байланыштарын бекемдөөгө, эл аралык жүк ташуу үчүн жагымдуу шарт түзүүгө, транспорттук тейлөө рыногунда атаандаштык чөйрөсүн түзүүгө багытталат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG