Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:32

Өлкөгө балык уулоочу тор алып кирүүгө тыюу салуу сунушталды


Cleaning of nets from Issyk-Kul has begun
Cleaning of nets from Issyk-Kul has begun

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргызстандын аймагына балык уулоочу синтетика торлорун жана электр менен кармоочу системаларды алып кирүүгө тыюу салууну сунуштоодо.

Министрликтин токтом долбоору koomtalkuu.gov.kg сайтында жарыяланды. Анда “көлмөлөрдөгү суу биологиялык ресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо максатында” ушундай сунуш берилди деп айтылат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) июль айында Ысык-Көлдөн 10,5 тоннадай акыр-чикир алып чыккан. Анын ичинен 97 600 метр балык уулоочу тор тазаланган. Ага чейин Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн таштандыга толуп кеткенин айтып, браконьерлерди сынга алган.

1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Бул аймактын аянты 43,1 чакырым.

“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый чөлкөм болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.

Ысык-Көлдө башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды суулар көлдү булгап жатканы, балык уулаган браконьерлер көлдүн уникалдуу экологиясына чоң зыян тийгизгени айтылып келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG