Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Арменияда саясий күчтөр ЖККУ менен ЕАЭБден чыгууну талап кылды


ЖККУга каршы акция. Ереван. 22-ноябрь, 2023-жыл. Архивдеги сүрөт.
ЖККУга каршы акция. Ереван. 22-ноябрь, 2023-жыл. Архивдеги сүрөт.

Арменияда бир катар коомдук жана саясий күчтөр бийликтен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ), Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинен чыгып, Евробиримдикке мүчөлүккө арыз тапшырууну талап кылышты.

Мындай билдирүү 1-октябрда Ереванда өткөн Көз карандысыздык форумунда кабыл алынганын "Азаттыктын" армян кызматы жазды.

Форумдун катышуучулары армян бийлигинин Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутун ратификациялоого болгон даярдыгын кубаттап, аны токтоосуз ишке ашырууга үндөштү.

Расмий Еревандын Рим статутун ратификациялоо чечимин Москва Орусияга карата "ашыкча душмандык" кадам деп атаган.

Форумда Армениянын бийлигин Орусия башында турган бардык уюмдардан чыгып, эки өлкө ортосундагы аскердик, экономикалык келишимдердин баарын үзүп, орус мамлекеттик телеканалдарын көрсөтүүнү токтотууга чакырышты.

Жакында эле Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров армян бийлигине "АКШга ишенген мамлекеттердин тагдырын эске ала жүргүлө" деп кеңеш берген.

Андан мурда армян премьери Никол Пашинян "өлкө коопсуздугу, курал-жарак жана ок-дары алуу 99,99% Орусияга байланганы стратегиялык ката" болгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG