Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:20

Чолпон-Атадагы скутер кырсыгы боюнча кылмыш иши кыскартылды


Ысык-Көлдөгү эс алуучулар. Иллюстрация, архивдик сүрөт
Ысык-Көлдөгү эс алуучулар. Иллюстрация, архивдик сүрөт

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы скутер менен эки адамды өлтүрө сүзгөн айдоочунун иши кыскартылганын билдирди.

Маалыматка караганда, каза болгон эки баланын ата-энеси шектүү адамга карата тосмо арыз жазып беришкен. Мындан улам иш сотко жетпей кыскартылды.

Быйыл 23-июлда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде скутердин айдоочусу көлдүн үстүндө “таблетка” баллонун сүйрөтүп бара жатып теплоходго урунган. Андан үч адам денесинен жараат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жеткирилген.

Натыйжада 19 жаштагы кыз, 23 жаштагы жигит 24-июлда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Үчүнчү адам хирургия бөлүмүндө дарыланган.

Маркумдардын жакындары тосмо арыз боюнча комментарий бере элек.

Райондук милиция кылмышка шектүү баштапкы суракта күнөөсүн толугу менен моюнуна алганын кабарлаган. (AKa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG