Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:28

Өзбекстанга сегиз айда 4 млн 300 миң чет өлкөлүк турист келди


Самарканд шаары
Самарканд шаары

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев шаршембиде туристтик жана маданий жайлардын мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу жолдорун талкуулаган жыйын өткөрдү.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы маалымдагандай, Мирзиёев туризмдин өнүгүшү тууралуу сөз кылды. Анын айтымында, быйылкы январдан августка чейин Өзбекстанга 4 миллион 300 миң чет өлкөлүк турист келип кеткен. Алардан түшкөн каражат 1,4 миллиард долларды түздү. Орто эсеп менен алганда ар бир турист Өзбекстанда 325 доллар короткон.

Мирзиёев үстүбүздөгү сегиз айда өлкөдө конокторду кабыл алуу үчүн 15 миң жаңы орун түзүлгөнүн айтты. Ошону менен туристтерди жайгаштыруучу желердин жалпы саны 137 миңге жетти. Андан тышкары жыл башынан августка чейин 540 эс алуучу жана көңүл ачуучу жай, 70 туристтик маршрут ачылды.

Президент белгилегендей, алты менчик авиакомпания пайда болду, 23 жаңы учак импорттолду, 20 эл аралык жана алты ички авиакаттам ишке кирди. Муну менен катар заманбап автобустар алынды.

Маалымат боюнча ички саякатчылардын саны былтыркыга караганда эки эсеге көбөйгөн.

XS
SM
MD
LG