Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:34

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учак берилди


MI-8 тик учагы. Бишкек. 17-октябрь, 2023-жыл.
MI-8 тик учагы. Бишкек. 17-октябрь, 2023-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) МИ-8 тик учагын бүгүн, 17-октябрда президент Садыр Жапаров тапшырды.

Тик учак адам өмүрүн сактап калуу жана куткаруучулардын тез жардам көрсөтүүсүн камсыздоону максат кылат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Тик учак бейтаптарды ташууга ыңгайлашкан. 12 замбил жана тиешелүү медициналык жабдууларды орнотууга түйүндөр жайгаштырылган. Ал аба ырайынын татаал шарттарында аэродромдон жана даярдыгы жок аянттан абага көтөрүлүп жана коно алат.

2022-жылы Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн ШКУ жыйыны учурунда жетишилген макулдашуунун алкагында Орусиянын өкмөтү Кыргызстанга өрт өчүрүүчү техникаларды жана тик учак сатып алууга 20 млн доллар бөлүү жөнүндө токтом чыгарган. Анын негизинде былтыр декабрда жалпы суммасы 8 млн долларлык 40 өрт өчүрүүчү автоцистерна алынган. Тик учактын баасы 12 млн АКШ долларынын айланасында.

Эрбол Султанбаевдин маалыматына караганда, президент Садыр Жапаров Орусиянын жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министри Александр Куренковго эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо боюнча активдүү иши үчүн «Даңк» орденин тапшырды.

Былтыр августта ӨКМ Airbus H145 үлгүсүндөгү тик учак сатып алган. Ага чейин министрликтнин өзүнүн тик учагы жок болгон. 2004 жана 2007-жылдары эки тик учак Нарында альпинисттерди куткаруу учурунда аварияга кабылган.

Акыркы тик учактын эскилиги жеткендигине байланыштуу 2011-жылы колдонуудан алып салынган. Андан кийин тоо-таштардагы куткаруу иштерине Коргоо министрлигинин тик учактары жалданып келген.

2015-жылдын жайында Токтогул районунун Чычкан капчыгайында чыккан өрттү өчүрүүгө Казакстандын тик учагы тартылган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG