Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов кармалды. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 20-октябрда анын бөгөт чарасын карап, 17-декабрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алды.

Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Айрым маалыматтык сайттар Акылбек Адимов Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси менен шек саналып жатканын, судьяны УКМКнын кызматкерлери кармаганын жазды.

Судьялар кеңеши 20-октябрда Акылбек Адимовду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокуратуранын сунушун карап, макулдук бергени айтылды.

Акылбек Адимов 39 жашта. Ал 2022-жылы Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин караган.

Былтыр 28-сентябрда Свердлов райондук сотунда Акылбек Адимов журналистке карата маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актаган. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актоо чечимин чыгарган. Райондук соттун өкүмүнө нааразы болгон прокуратура шаардык сотко кайрылган.

Судьянын жакындары менен адвокаттары акыркы окуя тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG