Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:12

Bloomberg: АКШ менен Израил Газанын келечегин талкуулап баштады


Газанын чет жакасы. 20-октябрь, 2023-жыл.
Газанын чет жакасы. 20-октябрь, 2023-жыл.

Bloomberg агенттиги жеке булактарына шилтеме берип, АКШ жана Израил ХАМАС радикал тобу аймактан сүрүп чыгарылса, Газа тилкесинин келечеги кандай болот деген маселени талкуулай баштаганын жазды.

Мүмкүн болгон варианттардын ичине Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) колдоосу жана араб өлкөлөрүнүн катышуусу менен Газада убактылуу өкмөт түзүү сунушу киргизилген. Агенттиктин жеке булагы талкуу эми гана башталганын, анын келечеги Израилдин жердеги чабуулунан көз каранды экенин айткан.

Израилдин бийлиги Газа тилкесин басып албай турганын, бирок ХАМАСты 7-октябрда Израилге жасаган чабуулунан кийин жок кылууну көздөп жатканын бир нече жолу билдирген.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилдин аймагына чабуул койгондо 1400дөй кишини өлтүрүп, дагы бир нечесин барымтага алган. Арасында канча чет өлкөлүк бар экени белгисиз. Израил ошондон бери Газа тилкесин блокадага алып, бомбалап келет. ХАМАС башкарган Газа секторунун Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 3785 палестиналык каза тапканын, жарадарлар 12 миңдей экенин кабарлады. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG