Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Бишкекте кыргыз-монгол өкмөт башчыларынын сүйлөшүүсү өтүүдө


Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ жана Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов. 24-октябрь, Бишкек.
Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ жана Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов. 24-октябрь, Бишкек.

Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ 24-октябрда Бишкекке жумушчу сапары менен келди. Ал бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолукту.

Өкмөттүн маалыматына караганда, монгол премьер-министринин жумуш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар болот. Ал ошондой эле 26-октябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Анын жумушчу сапары 23-октябрда башталып, 25-октябрда аяктайт.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, мындан тышкары Кытайдын өкмөт башчысы Ли Цян Бишкекте расмий сапар менен 24-25-октябрь күндөрү болот.

26-октябрда Бишкекте белгиленген Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында 30га жакын маселе каралат.

Ушул эле күнү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын да жыйыны өтөт.

Сапарлардын алкагында кыргыз бийлигинин башчылары менен жолугушуулар болуп, бир катар документтерге кол коюлат.

 

XS
SM
MD
LG