Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:25

Эрбол Султанбаев Кыргызстандын Беларустагы элчиси болуп дайындалды


Эрбол Султанбаев/
Эрбол Султанбаев/

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Эрбол Султанбаев Кыргызстандын Беларустагы элчиси, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) уставдык органдарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, Эрмек Ибраимов Кыргызстандын Беларустагы элчиси кызматынан бошотулду. Муну менен катар ал КМШнын уставдык органдарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү, Латвия жана Эстонияда элчилик кызматты айкалыштырган кызматынан алынды.

32 жаштагы Эрбол Султанбаев президенттин басма сөз катчысы болуп 2021-жылы май айында дайындалган.

Ал Кыргыз-Орус Славян университетинин экономика факультетин, Москвадагы интеллектуалдык менчик боюнча Орус мамлекеттик академиясын бүтүргөн. Магистратураны Кыргызстандагы юридикалык академиядан аяктаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG