Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Евробиримдик, Британия жана АКШ орус күчтөрүнүн грузиялык жай тургунду атып өлтүрүшүн айыпташты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Евробиримдик, Британия жана АКШ орус күчтөрүнүн Түштүк Осетияга жакын жерде грузиялык жайкын тургунду атып өлтүрүшүн айыптап, Москваны бул аймакта мыйзамсыз жүргөн аскерлерин чыгарып кетүүгө дагы бир жолу чакырышты.

Грузиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы билдиргендей, окуя 6-ноябрда болгон. Орус-грузин согушунан кийин бир тараптуу өз алдынчалык жарыялап алган Түштүк Осетияда чек араны кайтарып жаткан орус аскерлери грузин жаранын кармоого аракет кылып, ага карай ок атышкан.

Мүрт кеткен 56 жаштагы Тамаз Гинтури 2008-жылкы орус-грузин согушунун ардагери болгон. Андан тышкары орус күчтөрү 35 жаштагы дагы бир грузин жаранын кармап кеткен.

"Евробиримдик Кирбалидеги орус чек арачылары тарабынан Грузиянын жаранынын өлтүрүлүшүн жана дагы бир жарандын кармалып кетишин чечкиндүү айыптайт. Биз анын токтоосуз бошотулушун талап кылабыз", - деп жазды шаркеттин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел X социалдык түйүнүнө.

Ал ошондой эле Грузиянын Абхазия жана Түштүк Осетия аймактарындагы Орусиянын аскерлери мыйзамсыз жүргөнүн кошумчалады.

Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвили менен президенти Саломе Зурабишвили дүйнө коомчулугун бул окуяга көңүл бурууга чакырышты. Грузиянын Ички иштер министрлиги адам уурдоо жана өлтүрүү беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

2008-жылы 8-августта Орусия менен Грузиянын ортосунда куралдуу жаңжал тутанган. Тбилиси Түштүк Осетиянын борбору Цхинвалга чабуул коюуга жикчилдердин кол салуулары түрткөнүн айтып келсе, Москва өз жарандарын, жикчил аймактагы бейпилдик күчтөрүн коргогонун билдирген.

Беш күндүк согуштан кийин Орусия Грузиянын курамындагы жикчил Түштүк Осетия менен Абхазияны көз карандысыз өлкөлөр катары тааныган.

Уруш ондогон адамдардын өмүрүн кыйган, миңдеген грузиндер үй-жайынан ажыраган.


Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG