Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:32

Бишкекте майыптыгы бар адамдардын кол өнөрчүлүк фестивалы башталды


Майыптыгы бар адамдардын колунан жаралган буюмдар. Бишкек. 15-ноябрь, 2023-жыл
Майыптыгы бар адамдардын колунан жаралган буюмдар. Бишкек. 15-ноябрь, 2023-жыл

Майыптыгы бар адамдардын кол өнөрчүлүк жана көркөм чыгармачылыгынын фестивалы 15-ноябрда башталды. Иш-чарага мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын 28 уюмунан миңден ашуун адам катышууда.

Уюштуруучулардын белгилөөсүнө ылайык, фестивалга катышууну каалагандардын саны жыл сайын көбөйүүдө.

Фестивал жети номинация боюнча: вокал, хор ырдоо, көркөм окуу, музыкалык аспаптарда ойноо, мода көрсөтүү, пантомима жана бий боюнча өтөт.

Иш-чаранын алкагында майыптыгы бар адамдар тарткан түрдүү сүрөттөр, зер жана башка чеберчилик буюмдардын көргөзмөсү болот.

Фестиваль 17-ноябрда жыйынтыкталат.

Расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда 200 миңден ашуун майып адам жашайт. 2020-жылдын аягына карата 18 жашка чейинки 32 миңден ашуун баланын майыптыгы бар экени белгилүү болгон, бул жалпы майыптыгы бар адамдардын 16,5% түзөт. Жыл сайын 4 миңге жакын бала биринчи жолу майыптык статусун алат.

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдар мамлекеттен тийиштүү жардам ала албай турганын укук коргоочулар айтып келишет. Алардын пикиринде, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелгендер расмий статистикадан кыйла көп.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG