Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:50

Ошто муниципалдык асфальт заводун куруу пландалууда


Асфальт-бетон жана таш майдалоочу завод курулат делген жер.
Асфальт-бетон жана таш майдалоочу завод курулат делген жер.

2024-жылы Ош шаарында муниципалдык асфальт-бетон жана таш майдалоочу завод куруу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, бул шаардагы жолдорду аз убакытта салуу жана оңдоого шарт түзөт.

18-ноябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Озгур айылында курула турган заводдун жерин көрүп чыгып, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине даярдык иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.

“Быйыл жолдорду жасаганда канчалык көз каранды экенибизди көрдүк го. Сапаттуу материал бере алышпайт. Убагында келбей калат. Азыр деле кайсы завод бере алат деп жүрөбүз. Биз мындан ары жолдорду түндө гана салабыз”, - деди Бакытбек Жетигенов.

Андан тышкары кум, чопо, шагыл казылган карьерлерди иштетүү үчүн ижарага берилген жерлердин акысы боюнча да маселе көтөрүлдү.

Ош шаарында 2023-жылдын августуна чейин курулуш материалдарын казган ишканалар жерди пайдалангандыгы үчүн 1 гектарга 500 сом төлөп келген. Август айынан тарта ал 300 миң сомго чейин көбөйтүлдү. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG