Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:07

Ымыркайын таштаган келин баланын атасы абактагы киши экенин айтып берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте Арча-Бешик конушунда ымыркайын көчөгө таштап кеткен келин менен акыйкатчынын өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу бүгүн 22-ноябрда акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу ал милициянын убактылуу кармоочу жайында отурган кезде өткөнү, келин үй шартында төрөгөнүн, ата-энеси кош бойлуу экенинен кабары болбогонун, баланын атасы абакта отурган киши экенин айтып бергени кабарланды.

Мекеменин маалыматына караганда, акыйкатчы Жамила Жаманбаева бул иштин тергелишин жеке көзөмөлүнө алды. Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыш жасоого аракеттенүү” жана “Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү” деген беренелеринин негизинде айып тагылып жаткан келинге мамлекеттик адвокат бөлүштүрүлдү.

Аябай үшүп калган абалда табылган ымыркай азыр ооруканада реанимацияда жатканы, ага бронхопневмония деген диагноз коюлгандыктан антибиотик берип жатышканы маалымдалды.

Окуя Бишкектин Арча-Бешик конушунда 19-ноябрда болгон. Милициянын маалыматына караганда, ымыркайды үйлөрдүн биринин дарбазасынын жанына калтырып кетишкен.

Соңку маалыматка караганда, кылмышка шектүү 20 жаштагы келин үй камагына кое берилди.

8-ноябрда да Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай уул бала таштанды челектен табылган. 18-ноябрда Жалал-Абадда таштанды челектен жаңы төрөлгөн кыз табылган.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG