Орусиянын Коргоо министрлиги 5-декабрга караган түнү украиналык 41 дронду атып түшүргөнүн билдирди. Маалыматка караганда, түн ичинде Азов деңизи жана аннексияланган Крым жарым аралынын үстүнөн 22 учкучсуз учак жок кылынды, 13ү колго түшүрүлдү.
Эртең менен таң эрте Азовдун үстүнөн дагы төрт дрон жок кылынган.
«Свобода» радиосу жазгандай, Крым көпүрөсү төрт сааттан ашык жабык турду. Жарым аралдын тургундары ондон ашык жарылуунун добушун укканын айтышты. Коргоо министрлиги чабуулдар үчүн Киев режимин айыптады. Украина бул маалыматты комментарийлеген жок.
Ал эми Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү ушул эле түнү Орусия өлкө аймагына Иранда жасалган 17 дрон учурганын жана алты даана С-300 ракета атканын, Украинанын аймактарынан 10 учкучсуз учак жок кылынганын Телеграм-каналында маалымдады. Орусия дагы бул маалыматты комментарийсиз калтырды.
Харьков облусунун администрация башчысы Олег Синегубовдун айтымында, чабуулдан Чугуевдин жашоочусу жабыркады, турак жайлар, дүкөн жана маданият үйү зыян тартты.