Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

Министр Кулубаев Бишкек Орусияга салынган санкцияларды сактап жатканын айтты


Жээнбек Кулубаев.
Жээнбек Кулубаев.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий Бишкек Украинадагы согушка байланыштуу АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияга салган экономикалык санкцияларды сактоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу тышкы саясат мекемесинин башчысы 7-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты.

“Кээ бир товарлар Орусияда аскердик жаатта колдонулуп жаткандыктан, Евробиримдик бизге санкцияларды сактоону сунуштаган. Биз санкцияларды сактоого даяр экенибизди айттык. Бирок аларга ар дайым көз салып тура албайбыз. Борбор Азия өлкөлөрү Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактап келген жана биз орус же украин тарапка эч кандай колдоо көрсөтө албайбыз. Ушундан улам биз тигил же бул тарапка колдоо көрсөтө албайбыз. Кыргызстан менен Борбор Азия өлкөлөрү мүмкүн болушунча Евробиримдиктин санкцияларын сактайт. Бирок соода деген соода да, алака-катыш жүрө берет. Орусия биздин негизги өнөктөшүбүз жана биз бул багытта активдүү иштеп жатабыз”, - деди Кулубаев.

Ушул жылдын июль айында АКШнын санкциясына кабылды делген кыргызстандык компанияларга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) иликтөө баштаган.

Ага чейин АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салган. Аталган мекеменин маалыматында айтылгандай, “кара тизмеге” илинген компаниялардын айрым жабдуулары орустардын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган.

Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларынан товар алып турган Орусиядагы бир катар ишканалар да санкциялык тизмеге кошулган.

“Азаттык” буга чейин Орусиянын согушка жардамдашып жаткан компаниялары менен кызматташуусу ыктымал делген кыргызстандык ишканалар боюнча атайын иликтөө жасаган. Буга чейин АКШ Кыргызстандагы “Тро, Я” аттуу компанияга да санкция салган.

Адатта “кара тизмеге” киргизилген компаниялар эл аралык деңгээлде иш жүргүзө албайт жана Батыш өлкөлөрүндөгү ишканалар менен кызматташуусуна жол жабылат. Андай компанияларды тейлөөгө да тыюу салынат.

Президент Садыр Жапаров 9-августта “Кабар” агенттигине курган маегинде Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG