Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:42

Мурдагы бажы кызматкери Нурмамат Канаев камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Нурмамат Канаев кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына 2024-жылдын 4-январына чейин камакка алынды.

Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып тагылууда.

Атайын кызмат Нурмамат Канаевдин иши боюнча маалымат бере элек.

Нурмамат Канаев коомчулукта "Мантай" деген ат менен таанымал. Анын ысымы 2018-жылы УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Бишкектеги Орто-Сай-2 шаарчасына үй куруп жатканы тууралуу маалыматтарда айтылган. Абдил Сегизбаев бул кабарды четке каккан.

2020-жылы “FactCheck” порталы сөз болуп жаткан үй Бажы кызматынын ошол кездеги кызматкери Самсалиев Абулхазы Нурлановичке таандык экенин, анын Нурмамат Канаев менен байланышы бар экенин жазган.

Акыркы окуя тууралуу Нурмамат Канаевдин жакындары менен адокаттары комментарий бере элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG