Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:22

Антарктикада куш тумоосунан улам жаныбарлар жапырт кырылды


Антарктикадагы деңиз пилдери (elephant seals, морские слоны). Иллюстрациялык сүрөт.
Антарктикадагы деңиз пилдери (elephant seals, морские слоны). Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку апталарда Антарктикада жүздөгөн деңиз пилдери (морские слоны) кырылып калды. Буга Түштүк Америкадан кайткан куштар алып келген тумоо себеп болду. Окумуштуулар вирус Антарктикадагы башка жаныбарларга, анын ичинде пингвиндерге да жайылып кетиши мүмкүн деп кабатыр болуп жатышат.

Деңиз пилдеринен сырткары тюлендер, ак чардактар жана чардактардын башка түрлөрүнүн арасында да куш тумоосунан улам өлгөн учурлар көп катталды. Куштардын арасында бул илдетке кабылгандар алгач октябрдын аягында аныкталган.

The Guardian басылмасы жазгандай, Антарктиканын сегиз чөлкөмүндө жандыктардын кырылуусунун себеби куш тумоосу экени такталды. Дагы 20 чөлкөмдө изилдөө иштери уланууда. Жандыктардын кырылуусу негизинен аралдарда катталууда, зоологдор инфекция Антарктика континентинин негизги аймагына да жетиши мүмкүн деп чочулашууда. Бул Жердин башка жагында кездешпеген жандыктардын уникалдуу түрлөрүн жоголуу коркунучуна кептейт.

Антарктикадагы куш тумоосунан улам эпизоотиялык коркунуч жараларын окумуштуулар күз айларынын башында эскертишкен. Бул Түштүк Америкада 2022-жылдын октябрынан бери уланып келе жаткан инфекциянын жайылышы себеп болору көрсөтүлгөн эле. OFFLU тумоону изилдөөчү эл аралык түйүндүн баяндамасынан белгилүү болгондой, бул аралыкта Чили менен Перуда ар кандай түрдөгү 500 миңдей жапайы куштар жана 20 миңдей сүт эмүүчүлөр кырылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG