Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Үч адамдын өлүмү: Аширалиевдин адвокаты кийинки инстанцияга арыз берди


Чынтемир Аширалиев.
Чынтемир Аширалиев.

Бишкекте үч адамды өлтүргөн деген шек менен өмүрүнүн акырына чейин соттолгон Чынтемир Аширалиевдин адвокаты апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Шаардык соттун басма сөз кызматы отурум 20-декабрга белгиленгенин билдирди.

Бишкектин Октябрь райондук соту Чынтемир Аширалиевди ноябрь айында мүлкүн конфискациялоо менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Судьянын чечимине ылайык, ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Ошондой эле жабырлануучуга 671 миң сом төлөп берүүгө, моралдык чыгым катары андан үч миллион сом өндүрүүгө милдеттендирген.

Чынтемир Аширалиев буга чейинки соттук териштирүүдө баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартып, күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Быйыл февралда 51 жаштагы Алтынай Канзаманова аттуу аял, анын 17 жаштагы кызы менен жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган.

Ал соңку парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп, алты миңден ашык добуш алып, утулуп калган. Аширалиев ага чейин Улуттук коопсуздук комитетине караштуу мамлекеттик күзөт системасында 15 жыл иштеп, майор чинин алган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG