Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:50

Казакстанда кызамыктан эки наристе чарчап калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда кызамыктан эки бала чарчап калганын 28-декабрда саламаттык сактоо министринин орун басары Айжан Есмагамбетова билдирди.

Маалыматка караганда, эки наристе тең бирге чыга элек болчу. 25-декабрга карата расмий маалымат боюнча Казакстанда кызамык жуктургандардын саны 27 миңге жетти.

Бийлик илдеттин жайылышынын себебин вакцинациядан баш тарткандардын көптөгүнөн көрүүдө.

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) Казакстан кызамыктын (корь) жайылышы боюнча дүйнөдө үчүнчү орунга чыкканын билдирген. Алдыңкы эки орунда Йемен менен Индия турат.

Кыргызстанда 2023-жылдын башынан бери кызамык (корь) оорусун жуктургандардын саны 5 900 адамга жетти. Алты бала чарчап калды. Бул тууралуу 22-декабрда Министрлер кабинетинин кызамык оорусуна байланыштуу эпидемиологиялык абалды талкуулаган жыйынында айтылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, республика боюнча быйыл 10 айда кызамык, паротит жана кызамыкка каршы профилактикалык эмдөөлөрдүн вакцинанын биринчи дозасы менен камтылышы 76%, экинчи дозасы 76,5% түздү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG