Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:40

Футбол: түрк командаларынын Эр-Рияддaгы оюну болбой калды


Саудия Түркиянын футбол командаларына Ататүрктүн сүрөтү бар футболкаларды кийип чыгууга уруксат берген жок.

Мындан улам 29-декабрда Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарына белгиленген Түркиянын супер кубок финалы өтпөй калды. Анда "Галатасарай" менен "Фенербахче" беттешмек.

Футболчулар 30-декабрда Эр-Рияддан Стамбулга кайтканы маалым болду.

Түркиянын Футбол федерациясы беттеш кийинкиге жылганын Х баракчасына кабарлады.

Түркиялык футбол командалары беттешке өлкөнүн 100 жылдыгына арналып атайын тигилген атайын формалар менен чыгышары мелдешке чейин белгилүү болгон.

Социалдык тармактын колдонуучулары Сауд Арабиясынын мындай аракетин айыпташууда. Бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АКР) басма сөз өкүлү Өмер Челик Х баракчасына "Мустафа Кемал Ататүрк өлкөбүздүн түптөөчү лидери жана орток баалуулугу" деп жазды.

Буга чейин, 11-декабрда Анкара шаарында өткөн "Анкарагүжү"- "Чайкур Ризеспор" беттешинде жаңжал чыккан. Эки команданын оюну 1:1 эсебинде аяктагандан кийин "Анкарагүжү" клубунун президенти Фарук Кожа бир канча тарапташтары менен талаага чуркап чыгып, калыс Халил Умут Мелерди муштап, тепкилеген. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин Милер ооруканага жеткирилген.

Клубдун президенти Фарук Кожа суракка алынып, кийин бошотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG