Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:29

Досоновдун адвокаты анын каза болгону тууралуу маалыматты четке какты


Кадырбек Досонов.
Кадырбек Досонов.

“Женго” каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досонов тергөө абагында каза болгону тууралуу маалыматтар жалган. Бул тууралуу 9-январда “Азаттыкка” анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

Анын сөзү боюнча, Кадырбек Досонов ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Ал эми Ошто козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп сотко өткөнү белгилүү болду.

Кадырбек Досонов былтыр 24-ноябрда дагы башка кылмыш ишине байланыштуу күбө катары көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке которулган.

Ушул тапта социалдык тармактарда “Кадырбек Досонов тергөө абагында каза болгону тууралуу” маалыматтар тарап жатат. Бул сөздөрдү Жаза аткаруу кызматы да четке какты.

2023-жылы 13-январда Ош шаарында топ адам бир кишини арматура менен койгулап жатканы тартылган видео коомчулукта талкуу жараткан. Үрөй учурган бул окуяда бир киши өлүп, дагы бири катуу жабыркаганы маалым болгон. Шаардык милиция адам өлтүрүүнү уюштурууга айыпталган Кадырбек Досонов баштаган беш кишини кармаган. Кийин ушул эле ишке байланыштуу жалпы тогуз шектүү кармалганы белгилүү болгон.

Кадырбек Досонов буга чейин оор беренелер менен айыпталып, бир нече жолу кесилип, кайра эркиндикке чыккан. Соңку ирет аны УКМК 2021-жылдын февраль айында кармаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Бул окуядан кийин өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтун бир катар мүчөлөрү, анын ичинде Кадырбек Досонов да кылмыштуу топтон, мындай идеялардан баш тартканы айтылган видеолор чыккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында Кадырбек Досонов кылмыштуу аракетин дагы эле улантып жатканын айтып, ал Оштон Бишкекке которуларын билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG