Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:21

Президент Ислам академиясын түзүү жөнүндө жарлык чыгарды


Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда Ислам академиясы түзүлөрүн билдирди. Мекеменин сайтына 9-январда чыккан кабарга ылайык, президент тийиштүү жарлыкка 28-декабрда кол койгон.

Ислам академиясы теологиялык билим берүү системасын өркүндөтүү, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо жана билим берүүдө дүйнөдө атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу максатында түзүлөрү айтылат маалыматта.

Ислам академиясына кабыл алуу жана окутуу республикалык бюджеттен жана жогорку окуу жайларына бөлүнгөн гранттар менен ишке ашырылат.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны - 399, калгандары башка диндерге таандык. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG