Хорватияда өтүп жаткан Zagreb Open рейтингдик мелдешинде 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы финалга чыкты.
Ал бүгүнкү алгачкы бирден он алты баскычындагы күрөшүндө орусиялык Рита Талисманованын далысын жерге таза тийгизип, 6:4 эсебинде утуп алган. Анын кийинки атаандашы канадалык Жюстин Ди Стасио болду. Аны да Айпери Медет кызы далысын жерге басып, 6:0 менен таза утту.
Чейрек финалда ал 1 минут 55 секундда дүйнөнүн алты жолку чемпиону, Токиодогу Олимп оюндарынын күмүш медалынын ээси Аделина Грейди 10:0 эсеби менен жеңип алды. Дал ушул Аделина Грейден Айпери Медет кызы 2021-жылы Жапонияда жарым финалда бир упай менен утулуп калган. Ошентип, кыргызстандык балбан кыз бул ирет реванш алды.
Жарым финалда Айпери Медет кызы француз Полин Лекарпент менен күрөшүп, аны 5:0 эсеби менен утуп, финалга чыкты. Эми ал алтын медал үчүн Кытайдан келген балбан кыз Хуан Ван менен Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө күрөшөт.
Буга чейин ушул эле мелдештин алкагында 12-январда дүйнөнүн үч жолку, Азиянын беш жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова 62 кг чейинки салмак ченинде финалда АКШдан келген Кайла Мираклды 7:0 эсебинде утуп, алтын алган.
Айпери Медет кызы былтыр 6-октябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн XIX Азия оюндарында алтын медалга жеткен. Ал ирет 76 килограмм салмакта финалда казакстандык Жамиля Бакбергенованы 7:4 эсебинде уткан. Медет кызы финалга чейин үч атаандашын жеңген.
Алгач кытайлык Ванг Жуанды 2:1, чейрек финалда вьетнамдык Данг Ци Линди 8:0, жарым финалда Кытай Тайбэйинин өкүлү Чанг Хюну 8:0 эсебинде утуп алган.
Айпери Медет кызы 2018-жылы Азия оюндарында коло медалга ээ болгон.
Ал эми 2023-жылдын сентябрында Сербиянын Белград шаарында күмүш медал утуп, быйыл Парижде өтө турган Олимп оюндарына лицензия уткан.
Айпери Медет кызынан тышкары күрөштөн Парижге жолдомону Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков алышкан.