Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин машинелери жол кырсыгына кабылды


Элчиликтин кырсыкка кабылган автоунаасы. 1-февраль, 2024-жыл.
Элчиликтин кырсыкка кабылган автоунаасы. 1-февраль, 2024-жыл.

1-февралда Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин эки автоунаасы Бишкекте жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу окуяга күбө болгон “Азаттыктын” кабарчысы билдирди.

Кырсык Манас проспектисинде, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында катталган. Окуя болгон жерде Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь да жүрөт. Элчиликтин BMW үлгүсүндөгү машинелери Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан.

Кырсыкка кабылган автоунаа
Кырсыкка кабылган автоунаа

Жол кырсыгына ким күнөөлүү экени, элчиликтин машинесинде кимдер баратканы азырынча белгисиз. Окуя болгон жерде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери иштеп жатат.

Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылдын тогуз айында 4 миң 800 жол кырсыгы катталып, андан 489 адам көз жумган. 2022-жылы 7040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам каза болгон. (BTo/AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG