Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Бишкек жылуулук борборунда эмне болду? Акыркы маалыматтар


Бишкек жылуулук борборунун жарылуу болду деген имаратын сүрөтүн бир катар маалымат каражаттары жарыялады.
Бишкек жылуулук борборунун жарылуу болду деген имаратын сүрөтүн бир катар маалымат каражаттары жарыялады.

2-февралга караган түнү Бишкек жылуулук борборунда (ЖЭБ) авариядан улам жарылуу болду. Энергетика министрлиги жарылуу жылуулук борбордун болжолдуу 14-от казанында болгонун, анын кесепетинен борбор калаада ысык сууга жана жылуулукка чектөө киргизилгенин билдирди.

Президент Садыр Жапаров 2-февралда Бишкек жылуулук борборуна (ЖЭБ) барып, кырсыктан кийин ал жайды калыбына келтирүү иштери менен таанышты. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, борбордун ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча тапшырмалар берилди.

Маалыматта бардык тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп жатканы айтылат.

Буга чейин Алматыда иш сапары менен жүргөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да Бишкекке кайтып келип, жылуулук борборунда ыкчам топтун жыйынын өткөрүп жатканы маалымдалган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Бишкек жылуулук борборунун (ЖЭБ) бузулган объекттерин калыбына келтирүү иштерин баштоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Ал эми Финансы министрлигине калыбына келтирүү иштерине зарыл болгон каражатты тез бөлүп бериши керектиги айтылды.

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги ЖЭБди калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты
Президент Садыр Жапаров Бишкектеги ЖЭБди калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты

Бишкек ЖЭБинде эмне болду?

Бул кырсыкка байланыштуу негизги суроолорго “Азаттык” расмий органдардын маалыматтарынын негизинде жоопторду даярдады.

Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча 2-февралга караган түнү саат 3төр чамасында Жылуулук борбордун болжолдуу 14-от казанында жарылуу болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, ЖЭБдеги жарылуу болгон жерде өрт чыгып, ал саат 5:05те толук өчүрүлгөн.

Анын кесепетинен борбордун ишине тоскоолдук жаралып, шаарга жылуулук жана ысык суу берүүгө чектөө киргизилди.

Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсык борбордун эски бөлүгүндө болгонун билдирди.

“Авария эски отко казандарында болду. Жаңыланган 3-4-от казан иштеп жатат. Ошол жаңы жабдыктардын күчү менен иш алып барылууда”, - деди Керимов.

Кырсыкка эмне себеп болду?

Кырсыктын себебин учурда атайын комиссия иликтеп жатканы белгилүү болду. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Бишкек ЖЭБдин аймагында өзгөчө режим жарыяланып, кырсыкка себеп болгон бардык версиялар иликтенип жатканын айтты. Министр техногендик себептер менен катары диверсия болушу мүмкүн деген версия каралып жатканын айтты.

“Камчыбек Кыдыршаевичтин тапшырмасы менен диверсия болгон деген да божомол каралып жатат. Анткени түнкү саат үчтөр чамасында катуу үндөр чыккан. Биз ошондой эле техногендик себепти да жокко чыгарбайбыз”, - деди ал.

Жылуулукка жана ысык сууга кайсы жерлерде чектөө киргизилди?

“Бишкекжылуулуктармагы” ишканасынын директорунун орун басары Шаршенбек Сарыкеев борбордо канча районго жылуулук берүү токтотулганын айтты.

Анын сөзүнө караганда, Бишкектин №3, 5, 6, 7, 11, 12 кичи райондоруна, жана 8-кичи райондун бир бөлүгүнө, “Улан”, “Көк жар” кичи райондоруна жылуулук берүү токтотулду.

Андан тышкары борбор калаанын абоненттерине ысык суу берүүдө чектөө киргизилди. “Биз жылуулук берүүнү үзгүлтүккө учуратпаш үчүн ысык суу берүүгө чектөө киргиздик” деди Шаршенбек Сарыкеев.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев жылуулукта чектөө болгонуна карабай, бул үйлөрдүн баарында 18-21 градустук санитардык нормалар сакталарын убада кылды. Буга кошумча шаардагы социалдык эмес объекттерге жылуулук берүүдө чектөөлөр киргизилди. Бишкектеги мектеп жана бала бакчалар онлайн окуу режимине өтүштү.

Энергетика министрлигинин өкүлдөрү Бишкек жылуулук борборунда аварияга чейин 400 МВт электр энергия өндүрүлүп келсе, азыр 200 МВтке түшкөнүн билдирди.

ЖЭБдеги кырсыктан жабыркагандар барбы?

Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылуудан жабыркаган эки адамдын абалы оор, реанимацияда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, өткөн түнү ЖЭБдеги жарылуудан беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө. Алардын денесинин көпчүлүк бөлүгү күйүп калган. Ал эми бир адам күйүктөр бөлүмүндө. Анын абалы туруктуу. Эки адам болсо текшерүүдөн соң үйлөрүнө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Кырдаал качан калыбына келет?

Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария беш-жети күндө калыбына келтирилет. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди. Ал кырсыктын толук масштабы такталып жатканын, техникалык бригаданын "алдын ала божомолунда беш-жети күндүн ичинде ишке киргизиле турганын" айтты.

"Жылуулук берүү батирлерде 65-70 градустан 45-50 градуска төмөндөдү. Ошол эле режимде - ушул температура сакталып турат. Санитардык норма боюнча батирлерде 18-21 градус норма деген сакталып турат".

Министр электр энергиясын күчөтүлгөн тартипте өндүрүү боюнча ГЭСтерге команда берилгенин, шаарда электр энергиясы мурдагы көлөмдөн кыйла көбүрөөк бериле баштай турганын кошумчалады. Ал шаарда өзгөчө кырдаал киргизүүгө себеп жок экенин айтты.

Учурда Бишкек ЖЭБде канча от казан иштеп жатат?

Бишкек ЖЭБдин башкы инженери Нурлан Кулжыгачев Жылуулук борбордо жалпы 15 от казан бар экенин билдирди. Учурда анын экөө толук кандуу иштеп жатат. Адис бүгүн кечке чейин дагы төрт от казанды ишке киргизүүгө аракет көрүлөрүн айтты. ЖЭБдин башкы инженери бул өз кезегинде температураны 5 градуска чейин көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты.

Бишкек жылуулукту ЖЭБден эле алабы?

Бишкектеги имараттардын 56 пайызы жылуулук жана ысык сууну ЖЭБден алышат.

Бишкек жылуулук борбору Кыргызстандагы эң ири жылуулук борбору. Ал 1960-жылдары курулган. ЖЭБ 812 миң квт электр энергиясын жана саатына 1294,2 Гкал жылуулук берүүгө ыңгайлашкан. Шаардагы имараттардын 60 пайызга жакыны дал ушул борбордон жылуулук жана ысык суу менен камсыз болот.

Буга чейин 2017-жылы Кытайдан алынган каражаттын негизинде ЖЭБ жаңылануудан өткөн. Бирок бир жыл өтпөй 2018-жылы кыш чилдеде, Бишкек ЖЭБинде чоң авария болуп, борбор шаар бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, мурдагы премьер-министрлер баш болгон бир канча адамга кылмыш иши козголгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG