Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган быйылкы жылы Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келери пландалып жатат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Орунбеков Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Түркияга жасаган расмий сапарынын алкагында эки өлкөнүн соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-отуруму өткөнүн, ал жыйында Эрдогандын Бишкекке жасалчу иш сапарынын мазмуну даярдалганын тактады. Бирок Эрдоган кайсы айларда келерин тактаган жок.
Акылбек Жапаровдун Анкарадагы сапары 9-10-февраль күндөрү уланды. Расмий сапардын алкагында ал өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунан сырткары Кыргыз-түрк бизнес форумуна катышып, Түркиянын ири бизнесмендери менен жолукту. Андан соң бир катар ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Жапаров ошондой эле Бишкектин жылуулук электр борборундагы жана тик учак кырсыктарынан жабыркап, Адана шаарында дарыланып жаткан төрт кыргызстандыктан кабар алды.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга акыркы ирет 2018-жылы келип кеткен. Ал Бишкекке 2022-жылы да келери айтылып, келбей калган.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркияга 2021-жылы эки ирет – Анкарага расмий сапар менен, Стамбулга иш сапар менен барган. 2022-жылы Изник шаарында Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышса, 2023-жылы бул өлкөгө эки жолу каттады. Анын биринчисинде, мартта Түрк мамлекеттер уюмунун кезексиз саммитине катышса, июнда Түркиянын кайрадан шайланган президенти Режеп Тайып Эрдогандын инаугурациясында конокто болду. (ErN)