Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

БШК Матраимов менен Ражабалиевди депутаттык мандатынан ажыратты


Нурлан Ражабалиев жана Искендер Матраимов. Коллаж.
Нурлан Ражабалиев жана Искендер Матраимов. Коллаж.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 22-февралдагы отурумунда өздөрү жазган арыздын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди депутаттык мандатынан ажыратты.

Искендер Матраимов 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Кара-Суу районунан, Нурлан Ражабалиев Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

Искендер Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун агасы.

Ал эми Нурлан Ражабалиев 2021-жылы 27-январда “Коррупция” беренеси боюнча соттолгон. Тергөөнүн маалыматында, Райымбек Матраимов, Ош бажысынын мурдагы жетекчиси Нурлан Ражабалиев жана Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчиси Абдыбахаб Боронбаев Бажы кызматында коррупциялык схема түзүп, Кыргызстан аркылуу Тажикстан жана Өзбекстанга өтө турган ар бир машинеден акча алып турганы айтылган.

Жыйынтыгында Нурлан Ражабалиев бюджетке келтирилген чыгымдын ордун толтуруш үчүн 12 млн сом, андан кийин сот чечимине ылайык дагы 260 000 миң сом төгүп берген. Абдыбахаб Боронбаев 8 млн сом төлөгөн. Ал да 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган.

15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал жарыяланган.

Буга чейин Искендер Матраимов “Азаттыкка” иниси Райымбек Матраимовго тиешелүү делип камакка коюлган мүлк жана мандаты тууралуу комментарий берип, ал бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келгенин айткан.

УКМК 8-февралда Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирген. Анын ичинде Бишкек менен Ош шаарларындагы кымбат үйлөр, коммерциялык имараттар, Чүй жана Ош облусундагы эки бажылык каттоо жери көрсөтүлгөн.

Ош облусунун Кара-Суу районунда Райымбек Матраимовго тиешелүү делген 26 кыймылсыз мүлк камакка коюлду.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында кыргыз бажысында башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 млрд сом төгүп берген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө “мафия түзгөн” деп айыптаган. Учурда Райымбек Матраимов каякта экени белгисиз. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG