Казакстандын Алматы облусунда беш айыл жана төрт айылдык округдун советтик доордон калган аталышы өзгөрөт. Аталган облустун жергиликтүү кеңеши менен акимияттын биргелешкен мындай чечими 24-февралда күчүнө кирет.
Бул өзгөртүүлөр 2022-2025-жылдар аралыгында калктуу пункттардын "идеологиялык жактан эскирген" аталыштарын казакчага которуу боюнча жол картасына ылайык киргизилип жатат.
Мисалы, Энергетический деген айыл өкмөтү - Өтеген баатыр, Покровка айылы - Кенен Азирбаев, Чапаево - Байкент, Междуреченск - Аксай, Кызыл-Ту-4 айылы - Жибек-Жолу, Комсомол айылы - Жайнак болуп өзгөрөт. КазЦик айылына режиссер жана педагог Аскар Токпановдун ысымы берилет.
Алматы облусунун Иле районундагы Междуреченское айылы жакынкы күндөрү Аксай деп аталат. Жергиликтүү тургундар арасында бул демилге тууралуу ар кандай пикирлер айтылууда.
"Бул айылды немистер курган. Буга биздин каршылык жок. Бирок азыр казак эли көз карандысыз болгондуктан, сөзсүз өзгөртүү керек. Азыр айылда калктын 70-80% казактар түзөт. 30 жылдан ашты. Аталышты казакча өзгөртүүгө мезгил келди", - деди айыл тургуну.
Ошол эле кезде башка улуттун өкүлдөрү демилгени анча колдобой турушат: "Мен буга кубанган жокмун. Анткени бул жерде төрөлүп, өстүм. Междуреченское бойдон эле калат. Менин чоң ата, чоң энемдин ушул жерге эмгеги сиңген. Азыр эми кайра документтердин баарын алмаштырыш керек болот".
Жергиликтүү бийлик аталыштарды өзгөртүү демилгеси 2018-жылы эле көтөрүлгөнүн, жергиликтүү калк аны колдоого алганын айтууда.
Междуреченск айыл округунун акими Бахыт Туреев буларды билдирди:
"Облустун маслихаты бекиткенден кийин айылга бул кубанычтуу кабарды жарыяладык. Элдин кабары бар. Эч кандай нааразычылык орун алган жок. Тескерисинче, колдоп жатышат".
2022-2025-жылдарга жол картасына ылайык, өлкө боюнча дагы 3000дей аталыш өзгөрөт. "Азаттыктын" казак кызматы мындай аракеттер айрым аймактардын тургундарын эки жаатка бөлүп койгонун жазды. Былтыр жайында Акмоло облусундагы Державинск шаарынын акимиаты аны Кенесары деп өзгөртүүнү токтотуу керек деп билдирген. Казакстандын депутаттары бул маселеде элдин пикирин эске алуу да маанилүү экенин билдиришти.
"Тургундардын пикирин угуу керек. Калктуу аймактардын аталыштарын элдин пикири менен эсептешип, өзгөртүү керек. Эгер каршылык болсо, анда анын зарылчылыгы жок", - деди мажилистин депутаты Мархабат Жайымбетов.
Ал эми мажилистин дагы бир депутаты Максат Толыкбаев:
"Сиздер байкагандай, көп айылдар бара-бара казакча атала баштады. Айрым жерлерде бул процесс жайыраак жүрүп жатат. Анын себеби эмнеде экенин билесиздер. Бирок азыр өлкөнүн түндүк же чыгышына барсак, айылдар дагы деле орус тилинде. Алматы же Кызылордодо жашаган калк үчүн бул маселени чечүү оңой эмес. Жергиликтүү бийлик бар. Добушка коюлсун. Эгер нааразычылык күч болсо, чакан референдум өткөрүп койсо болот. Кандай болгон күндө да калк өзү чечиши керек".
Орусия Украинага басып киргенден бери Казакстанда СССРге же Орусияга байланышкан топонимдерди казакчалоо тууралуу маалыматтарга көбүрөөк көңүл бурулуп келет. Көбүнчө алар талаш-тартыш менен коштолот.
Быйыл жыл башында орусиялык теле алып баруучу, "Газпром-медиа" мамлекеттик медиа холдингинин башкы директору Тина Канделаки темир жол станцияларынын аттарын орусчадан казакчага өзгөрткөнү үчүн Астананы катуу сындаган. Мындан кийин ага Казакстанга кирүүгө тыюу салынган.