Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:14

Жол эрежесин бузган айдоочуларга салынуучу айыптын тууму жокко чыгарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 28-февралдан баштап жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айып пулдун кошумча тууму жокко чыгарылды. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, бул Укук бузуу кодексинин жол кыймылынын эрежесин бузгандарга тишелеүү 177-беренеден 180-беренеге чейин жана 182-беренеден 200-беренелерге чейин иштейт.

Буга чейин жол эрежесин бузган айдоочуга айып салынып, аны өз убагында төлөбөсө кошумча туум кошулчу. Эми айдоочу жол эрежесин бузгандыгы үчүн негизги салынган айып пулду гана төлөйт.

Салыктык эмес кирешелер кодексине, Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамды Министрлер кабинети сунуштаган. Буга чейин ИИМ айдоочуларга туумду төгүү тууралуу эскертип жалпысынан 9 жолу токтом чыгарып, почта менен ар бирин 65 сом төлөп, кат түрүндө жөнөтүп жаткан. Ага кеткен чыгым өндүрүлгөн туумдан ашып кеткен.

Айып пул салынгандан кийин 30 күн ичинде төлөнсө айдоочуга 70% жеңилдик берилет. Андан кийин айып пулдун өзүн 100% жана туумун күнүнө 1% өлчөмүндө кошо төлөш керек болчу. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG