Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48

"Орусияга кайра барбайм". Согуштан качкан Вадим Чүйдөн сүйүүсүн тапты


Вадим менен Айжандын үйлөнүү үлпөтү (коопсуздуктан улам Вадим менен Айжандын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жүздөрүн ачык көрсөтө албайбыз)
Вадим менен Айжандын үйлөнүү үлпөтү (коопсуздуктан улам Вадим менен Айжандын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жүздөрүн ачык көрсөтө албайбыз)

Орусиялык Вадим (аты өзгөртүлгөн) жакында эле кыргызстандык Айжан (аты өзгөртүлгөн) менен баш кошту. Учурда жубайлар Чүйдөгү айылдардын биринде жашайт. Вадим Орусиянын Украинага бастырып киришин сындап жүрүп, акыры мекенин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Согуш өзгөрткөн тагдыр, жаңы турмуш

Вадим (аты өзгөртүлдү) Орусия Украинага согуш ачкандан кийин Кыргызстанга качып келген.

Устачылыкка шыктуу адис Сосновкадагы балдар үйүндө ыктыярчы эмгек мугалими болуп иштеп жүрүп Айжанды жолуктурган. Айжан дагы ал жерде дефектолог болуп иштечү. Алар бир жылдай чогуу иштеп, мамиле түзүп, акыры баш кошту.

“Башында үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүүнү ойлогон эмеспиз. Жөн гана никебизди каттап, үй-бүлөбүз менен үйдө эле белгилеп коёлу деген элек. Анан досторубузду чакырып коёлу дедик. Бул биздин нике шакектерибиз. Жубайыма сюрприз жасагым келип, эстеликке калсын деп куту жасоону чечтим. Белек бермей мен үчүн салт болуп калган. Сиздер да келебиз дегенде "Азаттыкты" интернеттен кызыгып издедим. Сиздердин логотипти көрүп, 3D моделин минтип даярдадым”, - деп баяндады Вадим өз тагдырын.

Айжандын мурдагы турмушунан үч баласы бар. Күйөөсү менен ажырашкандан кийин балдарын апасына каратып, Сосновкадага балдар үйүнө жумушка орношкон экен. Вадим менен баш кошуп, эми балдарын колуна алып жаңы турмуш баштап жатат. Ошентсе да Айжан көңүлүндө “Вадим кайра Орусияга кетип калбайбы” деген түпөйүл сезим бар экенин жашырбайт.

“Мен бул тууралуу такай ойлоном. Бирок коркуу сезими менен да жашагым келбейт. Жаман ойлорду кубалап, жакшылыктан үмүт кылып жатам. Кудай сактасын дейм. Абалыбыздын олуттуулугун түшүнүп турам”, - деди Айжан.

Жубайлардын иштеп, тыйын-тыпыр топтоп Бишкектин жака белинен жер сатып алып, үй салсакпы деген тилеги бар. Айжан Бишкекте дефектолог ишин улантса, Вадим чакан цех ачып, эмерек, устачылыкка зарыл шаймандарды жасап, өз иши менен алек.

Орусиянын Украинага ачкан согушу далайлардын жашоо-турмушун түп тамырынан өзгөртүп, Вадимдин да тагдырын башка нукка бурган. Ал 24-февралда башталган окуяларды көпкө чейин кабыл ала албай, социалдык тармактарга согушту айыптап жаза баштаган. Бирок коркутууларга туш болуп, анын үстүнөн укук коргоо органдарына арыз да түшкөнүн билген.

“2014-жылдан тарта Украинага санааркап, эмне болуп жатканын түшүнүп эле турдум. Мындай болушу мүмкүн эмес деп ишене албай жаттым. Окуяларды элге түшүндүргүм келди. Бирок эл, тескерисинче, жазгандарыма нааразы болуп, мени саткын дешти. [Украиналыктарды] фашист, бандеровчулар жана башка дешти. Украина боюнча пропаганда 10 жылдан ашык иштеп келди. Эл акылынан тайып, эмне болуп жатканын түшүнгөн жок. Алар орус аскерлери карапайым адамдарды тоноп, зордуктап, өлтүрөт дегенге ишенгилери келбей жатты. Мен [Украина менен] чектеш Ростов облусунда жашачумун. Ал жакка канча техника жөнөтүлгөнүн өз көзүм менен көрдүм. 24-февралда орус армиясы ачык бастырып киргенде, нес болуп турдум. Андан кийин эмне кылсам деп ойлоно баштадым. Ошол маалда Бучадагы окуяда баары ачыкка чыкты. Бул мен үчүн оор болду. Орусияда кала албай турганымды түшүндүм. Ал коомдун мүчөсү болууга намысым жол берген жок. Мен кетип калбасам, өзүмдү кечире алмак эмесмин", - дейт Вадим.

"Үй-бүлөм согушта Орусияны колдоп, мени нес кылды"

Вадим 2014-жылы эле Орусиянын багыты өзгөрүп кеткенин сезип, ошол кезде эле үй-бүлөсүн алып Канадага чыгып кетүүнү каалаганын айтат. Бирок үй-бүлөсү көнбөй койгон. Бул жолу дагы согушка каршы ой-пикирин үй-бүлөсү жактырбаганы, тескерисинче, Орусиянын колдоп туруп алганы аны ойго салып, оор чечим кабыл алууга түрткөн:

“Орусияда апам калды. Атам коронавирустан өтүп кеткен. Атам Украинанын батышынан болчу. Совет доорунда ошол жактан сүргүнгө айдалган. Сүргүндү башынан өткөргөн адам Орусия тарапта болду. Мен ушуга такыр түшүнө алган жокмун. Ошол эле маалда анын туулган жериндеги шаарларын аткылап жаткан. Бирок ал Орусияны колдоду. Бул мени капа кылды. Апам эч качан согушту колдогон эмес, эч бир тарапты жактаган жок, болгону бул абдан жаман экенин айтты. Азыр апам менен байланышып, кабарлашып турам. Аялым болсо мага баары бир деди. Муну укканда дароо билет алдым да, рюкзагымды алып чыгып кеттим. Ал мени менен таптакыр сүйлөшпөй калды. Мени менен бир тараптуу ажырашканын гана айтты. Мен үчүн суракка барам деп коркуп кеттиби же мени чыккынчы көрүп калдыбы... Балдарым - уулум жана кызым жыйырмага чыгып калган, үй-бүлөлүү, өз алдынча турмушу бар дегендей. Алар дагы байланышпай калды. Бирок мен аларды саткан жокмун, таштаган жокмун. Мага абдан оор болду, чынын айтсам, ушунун баары болуп кеткенине бушайман болом. Мага окшогон миллиондогон эл үй-жайсыз калды. Мен дагы бүлөмдү, бизнесимди жоготтум”.

Вадим өзү Орусиянын эң түпкүрүндөгү өтө эле чакан, болгону 50 гана киши жашаган айылда турчу. Бирок өсүп-өнгүсү келип, ар кандай шаарларга, көбүнчө Москвага вахта жумуштарына чыгып кетчү экен. Жыгач, темир-тезекке колу эптүү Вадим 37 жашында өз ишин баштаган. Москвада дүкөн ачып, эмерек, ар кандай өзү жасаган шаймандарды сатып, төрт жылда кадимкидей эле ирденип, таанымал ишкерге айланып, айына бир нече миң доллар киреше таап калган. Бирок согуш аны жакындарын, мекенин таштап чыгып кетүүгө аргасыз кылган.

“Мен адегенде Казакстанга барайын дегем. Бирок тааныш досум Кыргызстанды сунуштап, бул жакта орустарга элдин көзү түз экенин айтты. Ошентип, мен Кыргызстанга учуп келдим, учактан түшкөндө эле тааныш пейзажды көрдүм. Советтер Союзу маалында, бала чагымда Тажикстанда беш жылдай жашагам. Кар баскан тоолор эсимде эле. Ошол сулуулук менин көз алдыма тартылды. Алгачкы эки күн мейманканада жашадым. Андан кийин Украинанын элчилигине барып, Украинага жетүүнүн жолун сурадым. Мен ал жакта устачылык кылып, протез жасагым келген. Протезди толук жасабасам да кайсыл бир тетиктерин өзүмдүн жабдууларым менен жасамакмын. Өзүм украиналык болсом да, ал жакта төрөлсөм да, орус жарандыгым менен ал жакка барбашым керектигин эскертишти”.

Вадим элчиликтегилердин жардамы менен Украинага гуманитардык жардам жөнөткөн ыктыярчы топторго аралашып калат. Алар иштешип жүрүп Сосновкадагы балдар үйүнө келет.

“Алар кыргыздар эле. Мен эки ай Мараттыкында акысыз жашадым. Бир күнү ыктыярчылар “балдар үйүнө белек алып барабыз, жүрү” деп калышты. Биз балдарга теннис столун алып барып орнотуп бердик. Ал жердин жаратылышы мени өзүнө тартты. Жай мезгили болчу, үйдүн артында эле суу агат экен, тоолор турат. Баары жапжашыл, салкын. Кийин мен балдарга ар кандай белектерди жасап, колдон келген жардамды берип, балдар үйүнүн жетекчилиги менен жылуу мамиледе болуп калдым. Балдарга эмгек мугалими болуп иштөө сунушумду айттым. Алар макул болду. Мен зарыл шаймандарымды алып келип, балдар менен иштеп, оюнчуктарды жасадык. Ошентип, бир жылдан ашуун ыктыярчы болуп балдар менен иштедим", - дейт Вадим.

Вадим, Айжан кызы менен
Вадим, Айжан кызы менен

"Орусияга кайткым келбейт..."

Вадим азыр Бишкектен өнөктөш таап, устакана ачууга жетишти. Ал жергиликтүү базарды иликтеп, сапаттуу эмерек, курулушка керектүү шаймандарды жасагысы келет. Элдин көңүлүн буруп, ири заказдар менен иш кылсак деп аракет кылууда. Ал жакынкы келечекте мекенине кайтуу ниети жок экенин айтууда:

“Орусияга кайтып барууну эч кандай шартта каалабайм. Эмнеге? Анткени согуш бүткөндөн кийин аны колдогон жана согуштан кайтып келген адамдар ошол жерде калат. Мен ал коомдо жашагым келбейт. Ал коом көпкө чейин ооруйт. Алар болгон нерселерди моюнга алган абалдан өтүшү керек. Орус эли андай кыла алабы, билбейм. Менимче, моюнга алышпайт. Баарын тана беришет. Алар муну кабыл ала алышпайт. Пропаганда дегенде, мисалы, Орусияда азыр согушта жүргөндөрдүн энелери, аялдары бар. Алар бир жылдан ашык убакыттан бери үй бетин көрбөй, эс алууга да келбей, согушуп жүрөт. Аялдары болсо аларга деп Кызыл аянтка келип гүл коюп жатышат. Бирок өздөрүнүн күтүүсүн, нааразылыгын, согуш тууралуу ойлорун айта албайт. Анткени буга мыйзам жол бербейт. Коом аларды түшүнгүсү келбей, чыккынчы катары карап жатат. Бирок ал аялдар күйөөлөрүн, балдарын гана кайтаргысы келет. Түрмөдө жаткандарды азгырып согушка алып кетип жатышат, алар кайтып келип кайра кылмышын жасашууда. Мунун баарына коом көңүл бурган жери жок. Бир нерсе кылайын дегендер өлтүрүлүп же камалып кетүүдө, же таптакыр кетип калууда. Анткени үмүт жок. Навальный өз өмүрүн садага чаап, элдин көзүн ачайын деди эле, бирок аны эч ким укпады. Элге анын үнү жетпей калды. Мунун баары качан бүтөрү белгисиз. Мен Орусияга таптакыр кайткым келбейт, коркуп турам. Сиз түрмөгө эле эмес, эч кандай абийири жок жырткычтын колуна түшөсүз. Биз ал үчүн чыккынчыбыз. Мен Кыргызстанга келдим, бул жерден чынчыл, ишенимдүү жаңы досторду таптым. Жаңы жашоо баштап, үйлөндүм".

47 жаштагы Вадим Кыргызстанга 2022-жылы апрелде келген. Эки жылда ал жергиликтүү элге көнүп, үй-бүлөсүн баккыдай киреше таба баштаганын айтат. Ал азыр орус паспортунан баш тартып, кыргыз жарандыгын алууга камданып жатат.

Украина Орусиянын жапырт кол салуусуна 2022-жылы 24-февралда кабылган. Согуш ошондон бери уланууда. Орусия бул согушту “атайын аскердик операция” деп атап келет. Орусиядагы аскердик мобилизациядан качкандардын жоон тобу Борбор Азияны көздөй агылган. Кыргызстанга, Тажикстанга, Өзбекстанга жана Казакстанга он миңдеген орус жарандары киргени маалым болгон.

XS
SM
MD
LG