Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Бразилиялык футболчу Робиньо зордуктоо фактысы менен тогуз жылга кесилди


Робиньо (Робсон де Соуза).
Робиньо (Робсон де Соуза).

Бразилиянын курама командасынын, "Реал Мадриддин" жана "Миландын" мурдагы чабуулчусу Робиньо (Робсон де Соуза) камалды. AP агенттиги футболчу 10 жыл мурун Италияда жасаган зордуктоо фактысы үчүн мекенинде тогуз жылдык жазасын абакта өтөөрүн жазды. Буга чейин сот 40 жаштагы Робинього өлкөдөн чыгууга тыюу салган.

2017-жылы италиялык сот футболчуну жана дагы беш кишини 2013-жылы Миландын түнкү клубунун биринде 22 жаштагы кызды зордуктоого күнөөлүү деп таап, аны тогуз жылга эркинен ажыраткан. Робиньо өзүнө коюлган айыптарды четке каккан. Сот футболчунун апелляциялык арызын канааттандырган эмес.

Италия өкмөтү футболчунун жаза мөөнөтүн Бразилияда өтөөсүн талап кылган. Шаршембиде Бразилиянын соту Робиньону үй камагында эмес, абакка камоого чечим чыгарды.

Бул футболчулара сексуалдык ыдык же зордуктоо үчүн кылмыш ишине кириптер болгон алгачкы учур эмес.

Буга чейин Испаниянын соту Барселонанын жана Бразилиянын командаларынын мурдагы коргоочусу Дани Алвести 2022-жылы Барселонадагы түнкү клубда аялга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп тапкан. Сот Алвести жабырлануучуга 150 миң евро төлөп берүүгө милдеттендирген. (AiA)

XS
SM
MD
LG