Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Тажикстан Москвадагы кол салууга шектүүлөрдүн кыйноого алынышын сындады


Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин.
Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин.

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин “Крокус Ситидеги” кол салууга байланыштуу кармалгандарды орус коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү кыйноого алышын кескин сындады. Бул тууралуу ал 12-апрелде Беларус баш калаасы Минскиде өтүп жаткан КМШ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынында айтты.

Мухриддин орус тарап иликтөөнүн жүрүшүндө “эл аралык укуктун принциптерин, өзгөчө анын күнөөсүздүк презумпциясын жана кыйноолорго тыюу салуу бөлүктөрүн сакташы керек эле” деп билдирди.

Тажик министри белгилегендей, “маалымат айдыңында террордук актты ишке ашырууга шектелгендерди кармоо жана аларды уруп-сабап, кыйноого алуу кадрларын демонстрациялоо жол берилгис”.

Сирожиддин Мухриддин Тажикстан теракт боюнча баардык тергөө иштери бейтарап жана адилеттүү жүргүзүлүп, аны уюштургандар, аткаргандар жана буйрутма бергендер дагы жазалынышын күтөрүн айтты.

Ал эми орусиялык кызматташы Сергей Лавров менен жолугуп жатып Мухриддин “себептерине карабай террордук актылар бир да улут же этностук топ менен ассоциация болбошу керектигин” белгиледи. Ал ошондой эле Москвадагы кол салуудан кийин орус коомунда ксенофобия күч алганын сындап, мунун баары “ойлонулбаган маалымат кампаниясынын” негизинде болуп жатканын кошумчалады.

"Крокус Ситидеги" кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети-Хорасан” террордук уюму өз мойнуна алган. Кремль чабуулдун артында украин бийлиги турат деп эсептейт. Расмий Киев мындай дооматтарды четке кагып келет. АКШ жана Батыш өлкөлөрү орус бийлигинин мындай билдирүүлөрүн негизсиз деп эсептейт. Кол салууга байланыштуу ондон көп адам кармалды. Алардын көбү теги тажикстандыктар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG