Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:38

Январцеводогу Урал дарыясынын деңгээли кооптуу чектен төмөн


Батыш-Казакстан облусундагы суу ташкыны.
Батыш-Казакстан облусундагы суу ташкыны.

Батыш Казакстан облусунун Байтерек районундагы Январцево айылында гидрологиялык бекеттеги Урал (Жайык) дарыясындагы суунун деңгээли 802 сантиметр, коркунучтуу чек болуп 1250 см эсептелет.

Урал шаарындагы дарыядагы суунун деңгээли 737 сантиметрди түздү, суунун коркунучтуу деңгээли 850 см. Бул 12-апрелдеги гидрологиялык бюллетендин маалыматтары.

Батыш Казакстан облусунун акими Нариман Турегалиев буга чейин аймактагы кырдаал курч экенин билдирген. Ал учурда Урал шаарынын чеке белиндеги дарыядагы суунун деңгээли жети метрди түзүп, кооптуу чекке жакындап калган.

Нариман Турегалиевдин маалыматтары боюнча, облустагы Акжайык, Борли, Байтерек, Теректи райондорунун 94 калктуу конуштарында суу каптоо коркунучу сакталып турат.

Казакстанда жалпысынан сел каптаган аймактардан эвакуация болгондордун саны жүз миңге чамалуу.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 11-апрелдеги маалыматында, коопсуз жактарга чыгарылгандардын саны 98 миңге жеткен, анын ичинде 3,5 миңдей бала убактылуу ачылган пункттарда жашап жатат.

26-марттан бери Казакстанда сел каптаган аймактарда абал оорлоп, Абай, Актөбө, Акмоло, Атырау, Батыш-Казакстан, Түндүк-Казакстан, Костанай жана Павлодар, жалпысынан 10 облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Айрыкча оор абал Атырау облусунун Күлсары аймагында түзүлдү. 65 миң калкы бар Күлсары шаарынын тургундарынын дээрлик жарымы башка жактарга эвакуацияланды, 31 кичи райондун үчтөн бирин суу каптады.

4-апрелде президент Касым-Жомарт Токаев Батыш Казакстан облусуна барып, кырдаалды "болуп көрбөгөндөй жаратылыш кырсыгы" деп сыпаттап, анын себеби катары кар күндүн жылышынан улам тез эрип кеткенин, жаан-чачын себеп болгонун айткан.

Адистердин пикиринде азыркыдай суу каптоо Казакстанда акыркы 80 жылдан бери боло элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG