Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков Ысык-Көл жана башка көлдөрдө, суу сактагычтарда жана дарыяларда курулган балык чарбаларына байланышкан маселени көтөрдү.
Депутат 15-апрелде Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында балык чарбаларына берилген уруксат жана салык боюнча суроолор бар экенин айтты:
"Көлдө же дарыяларда куруп алган балык чарбаларына уруксатты ким берет? Канча балык чарба каттоого алынды? Мамлекеттик каттоодо канча көл катталган? Силердин мыйзамыңарда дагы деле жайыт деп жазылып жүрөт. Жайыт комитети саздак жерлерди балык чарбага өткөрүп бердиби, анда балык чарба деп жазыш керек".
Акбөкөн Таштанбеков учурда балык чарбалар мыйзамдардагы алешемдиктерден улам салык төгө албай жатышканын белгиледи.
Аталган комитет 15-апрелде "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорду карап жатат. Анда Кыргызстанда балык уулоочу торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, пайдаланууга жана сатууга тыюу салуу боюнча мыйзамды күчүн жоготту деп таануу сунушу да камтылган. Комитетте суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министринин 1-орун басары Кубатбек Касейинов маалымат берип жатат.
Былтыр сентябрда мурдагы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргызстандын аймагына балык уулоочу синтетика торлорун жана башка кармоочу системаларды алып кирүүгө тыюу салууну сунуштаган. Демилгечилер бул сунуш “көлмөлөрдүн биологиялык ресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо максатында” берилгенин айтышкан.
Былтыр июль айында Ысык-Көлдөн 10,5 тоннадай акыр-чикир, 97 600 метр балык уулоочу тор чыгарылган. (ZKo)