Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Депутат Эмилбек Жусупов мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазды


Эмилбек Жусупов.
Эмилбек Жусупов.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусупов 20-апрелде мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды. Ал 2021-жылы “Ишеним” партиясынан шайланып келген.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Боршайкомдун мүчөлөрү Абдыжапар Бекматов менен Акбалык Жумалиева билдирди. Алардын сөзүнө караганда, Эмилбек Жусуповдун арызы БШКнын жакынкы отурумдарында каралат.

Буга чейин ондогон үлүшчүлөр парламенттин депутаты Эмилбек Жусупов негиздеген “Эмаком” курулуш компаниясына акча төгүп, батирлерин ала албай жатканын айтып чыгышкан. Депутат азыр ал ишканага тиешеси жок экенин билдирген. “Азаттык” үлүшчүлөрдүн үнүн угуп, “Эмакомдогу” курулуш чырын териштирген.

2023-жылы ноябрь айында “Эмаком” курулуш компаниясынын жетекчиси, Эмилбек Жусуповдун агасы Мелис Жусупов кармалган. Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен айып тагылганын билдирген.

Соңку жылдары Кыргызстанда үлүштүн негизинде чогулган акчага там салып, батир саткан курулуш компанияларынын саны 150дөн ашканы кабарланган. Алардын айрымдары үлүшчү менен түзгөн келишимин так аткарып, батирин убада кылынган мөөнөттө бүтүрүп берсе, кээ бирлери курулушту жүргүзбөй, үлүшчүлөрдүн акчасын да кайтарып бербей, соттошкон учурлар бар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG