Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Жалал-Абаддын Сузак районунда дагы ондогон үйлөрдү суу каптады


Жалал-Абаддын Сузак районундагы сел баскан айылдар. ӨКМ тараткан сүрөт.
Жалал-Абаддын Сузак районундагы сел баскан айылдар. ӨКМ тараткан сүрөт.

24-апрелде саат 00:20 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Таштак, Кызыл-Сеңир, Бостон айылдарында болжол менен 73 турак үйдүн жана 3 социалдык объектини, 1 ички чарбалык көпүрөнү суу каптап, жалпы аянты 50 гектар айдоо жерлерди суу басты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Жаралган кыйынчылыктар жоюу үчүн окуя болгон жерлерге райондук жарандык коргоо кызматтары, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров баштаган ыкчам топ, 15 куткаруучу тартылып, тиешелүү жумуштар жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мунун алдында тараткан маалыматында 23-апрелдин кечинде нөшөрдөн улам Жалал-Абаддын Аксы районундагы Кош-Дөбө айыл аймагынын Атана айылында 11 үйдүн чарбагын суу каптаганын кабарлаган. Аксыдагы дагы бир нече айылдын жолдорун суу каптаган.

20-21-22-апрель күндөрү нөшөрдөн улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ала-Бука, Ноокен, Сузак, Аксы жана Токтогул райондорунда, Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаарларында сел жүрүп, ондогон үйлөрдү суу басып, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Ондогон тургундар эвакуацияланды.

Ошто селден бир киши, чагылгандан дагы бир адам каза тапты. Селден улам Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Талас облусунун Талас районуна караштуу Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылында, Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылдарында сел жүрдү. Талас районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG