Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:05

БУУ соту Израилди Рафахка кол салууну токтотууга милдеттендирди


БУУнун Эл аралык сотунун судьялары. 24-май, 2024-жыл. Гаага.
БУУнун Эл аралык сотунун судьялары. 24-май, 2024-жыл. Гаага.

Гаагадагы Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык соту 24-майда чыгарган токтомуна ылайык, Израил Газа тилкесиндеги Рафах шаарына чабуулун дароо токтотушу зарыл. Сот өз чечимин жайкын тургундарды коргоо чаралары жетиштүү түрдө көрүлбөй жатканы менен негиздеди. Түштүк Африканын өтүнүчү менен каралган чечимди 15 судьянын 13ү колдоп, экөө каршы добуш берди.

Андан тышкары Эл аралык соттун чечиминде көрсөтүлгөндөй, Израил Газа тилкесине керектүү гуманитардык жардамдын жеткирилишин камсыздап, бул үчүн Рафахтагы өткөрмө бекетти ачышы керек.

Сот Израилди бир ай ичинде белгиленген чараларды аткаруу иштеринин жүрүшү боюнча отчет тапшырууга милдеттендирди.

"Сот туткундардын тагдыры боюнча олуттуу тынчсыздануусун билдирет жана аларды токтоосуз бошотууга чакырат", - деп билдирди чечимди окуган судья Наваф Салам.

Израил ХАМАС (АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган) уюмунун коркунучтарынан коргоого укугу бар экенин билдирип келет.

"Дүйнөдөгү бир да күч Израилди өз жарандарын коргоону жана Газада ХАМАСты куугунтуктоону токтотууга мажбурлай албайт", - деди 24-майдагы маалымат жыйында өкмөттүн пресс-катчысы Ави Хайман. Израилдин каржы министри Бецалель Смотрич Израилдин ХАМАСка каршы согушун токтотууну каалагандар Израилдин жок болушун көздөрүн билдирди.

БУУнун Эл аралык соту Израилди чечимин аткартууга мажбурлай албайт. Эгер аткарылбаса, каалаган өлкөлөр Израилге каршы санкция киргизсе болот.

Ушул эле Эл аралык сот 26-январда Түштүк Африка Республикасынын Израилге каршы арызы боюнча баштапкы чечимин жарыялаган. Анда Израил Газадагы "геноцид" аракеттеринин алдын алуу үчүн болгон чараларды көрүүгө, андай аракеттерге тиешеси барларды жазалоого жана тилкедеги гуманитардык кырдаалды жакшыртууга милдеттендирилген.

Азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрдагы Израилдеги кандуу окуя себеп болгон. Ал күнү ХАМАСтын согушкерлери Израилдин аймагына кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 240ка жакын тургунду барымтага алган. Ноябрдын ортосунда алардын айрымдары, негизинен аялдар жана балдар Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналык аялдарга жана өспүрүмдөргө алмашылган. Израилдин соңку маалыматына караганда, азыр барымтада дагы 132 адам бар, 25 адам "хамасчылардын" колунан ажал тапкан. Андан бери Газа тилкесинин Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, анклавда Израил армиясынын соккуларынан 37 миңдей кишинин өмүрү кыйылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG