Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

Калкы азайган Европа мигранттарды көбүрөөк тартабы?


Кош бойлуу аял. Иллюстрация
Кош бойлуу аял. Иллюстрация

20-26-майда дүйнөлүк басылмаларга жарыяланган баяндарга сереп.

Бир максат, эки башка ыкма

Кытай менен Евробиримдик экономикалык кызматташтыкты жана региондогу байланыштарды кеңейтүү максатында Борбор Азияда санарип инфраструктурасын өнүктүрүүгө кызыкдар. Бирок алардын фокусу эки башка. Ушундай мазмундагы макаланы The Diplomat сайты 23-майда басып чыгарды. Геосаясий серепчи Эндрю Гундал жана Евразия боюнча изилдөөчү Элданиз Гусейнов жазгандай, бул үчүн Бээжин “Бир алкак бир жол” демилгесин ишке ашыруу аракетин көрсө, Еврошаркет 2022-жылы Global Gateway Initiative демилгесинин алкагындагы долбоорлор аркылуу аймактагы өлкөлөр менен кызматташып келатат.

Hikvision фирмасынын баш кеңсеси. Кытай
Hikvision фирмасынын баш кеңсеси. Кытай

Ошондой эле экөө тең технология тармагында лидерлик кылуу үчүн өз стандарттарын жана технологияларын алдыга жылдырууда.

Авторлор өз ишин ачык-айкын жүргүзгөн, адам укуктарына көп көңүл бурган Брюсселге Кытайдын кеңири жана ыкчам инвестициялары менен атаандашууга туура келерин белгилешет. Бул өлкөнүн регионго жакындыгы жана ири инвестиция салууга даярдыгы чоң артыкчылык берүүдө. Муну менен катар Евробиримдиктин демократия жана адам укуктарыа басым кылганына өкмөттөр анча кулак салбашы мүмкүн.

Макалада андан ары тараптардын болочогу жана атаандаштыгы талданган. Алсак, региондун өлкөлөрү Бээжиндин “Бир алкак - бир жол” жана “Дигиталдык жибек жолу” демилгелерине кызыгуусун билдирип келатышат.

Талдоочулардын айтымында, Борбор Азия деңизге түз чыга албагандыктан, оптикалык кабель түйүндөрүнө туташа албай сапаттуу байланыш кымбат болууда. 2021-жылга карай Кыргызстан калкынын 38% гана Интернетти колдоно алчу. Ошончолук эле киши жакырчылыкта жашачу. Байланыштын жоктугу өнүгүү долбоорлорун ишке ашырууга жолтоо болууда.

Авторлор конкреттүү мисалдарга да токтолду. Маалыматка караганда, Huawei компаниясына Кыргызстандагы байланыш түйүндөрүнүн 80% туура келет. Ошондой эле өлкөдөгү ири телекоммуникациялык компанияларды - Sky Mobile жана Alfa Telecom компаниясын электрондук жабдыктардын элементтери менен камсыздап турат. 2019-жылы Кытайдын Электрониканын экспорту жана импорту боюнча улуттук корпорациясы (CEIEC) Бишкектин администрациясына адамды жүзүнөн тааныган камераларды бекер берген. Башкалаада Hikvision жана Dahua компанияларынын камералары да орнотулган. Борбор шаардын санарип коопсуздук түйүнүн негизинен Кытайда орун алган эл аралык фирмалар каржылайт жана тескейт. Кыскасы, бул чөйрөдө кытайлык технологиялык компаниялар монополия кылат. Муну менен жергиликтүү фирмаларга өз технологияларын орнотуу кыйын болуп калды.

Ал эми Еврошаркеттин аракеттерине токтолгон авторлор мындан 2 жыл мурун Global Gateway initiative демилгесинин алкагында эки долбоор башталганын белгилешет. Бири Борбор Азиядагы санарип байланышын өнүктүрүүгө багытталган. Демилге коопсуз интернетти аймактагы ишкана жана жарандар үчүн жеткиликтүү кылууну максат кылат. Бул үчүн ишенимдүү спутник байланышын орнотуу зарыл. Биримдик финансылык институттардын көмөгү менен техникалык башкарууга жардам иретинде 40 миллион евро инвестиция салмакчы. Анын алкагында башкарууну өнүктүрүү, анын ичинде телекоммуникация тармагында реформа жүргүзүү, киберкоопсуздукту камсыздоого, жарандардын жеке маалыматтарын коргоого колдоо көрсөтүү каралган.

План боюнча Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанда Интернет трафик менен алмашып туруу пункттары менен жабдылган станциялар пайда болмокчу. Алар азыркы инфраструктурага туташтырылат.

Талдоочулар Европа биримдиги өзүн регионго тышкы байланыштарын диверсификациялоого кудуреттүү өнөктөш катары көргөзүп келатканын белгилешет. Өз долбоорлорунда алар башкаруунун жогорку стандарттарына, ачык-айкындуулукка, адам укуктарына басым жасашат. Бирок аймактын анча демократиялык эмес бийликтери Бээжиндин андай талаптарды койбогон шарттарына ыкташы ажеп эмес.

- Кытай байкоо салган системаларды, байланыштын заманбап түйүндөрүн орнотуу менен алдыңкы технологиялар менен камсыздоону көздөсө, Брюссель ишенимдүү укуктук база иштеп чыгууга, туруктуу өнүгүү, киберкоопсуздук, жашыл технологияларга басым жасайт, - деген жыйынтык жасашат авторлор.

Европанын калкы азайууда

Европа демографиялык бурулуш учурга жакындадыбы? Financial times 24-майдагы көлөмдүү материалында ушул суроого жооп издеди. БУУнун божомолуна караганда, Еврошаркеттин калкы 448 млн болсо, быйылтан тарта мурда болуп көрбөгөндөй азайа баштамакчы. Өткөн жылкы январга чейин Украинадан жер которгондордун эсебинен калктын саны өскөн. Ага чейин пандемия маалында эки жылдык төмөндөө байкалган. Былтыр Европанын статистикалык агенттиги 2026-жылы калктын саны 453 млн болоорун болжолдогон маалымат тараткан. Бирок балдар аз төрөлгөндүктөн, божомол ишке ашчудай эмес. Иммиграция буга чейин терс тенденциянын алдын алууга жардамдашканы менен жумушка жөндөмдүү адамдардын саны барган сайын кыскарып, мындан ары келгиндер да боштукту толтуруу үчун жетишсиз болуп калат.

Варшава
Варшава

Журналисттер мисал катары Грекиянын Эгей деңизиндеги Телендос аралын келтиришет. 10 жыл мурун ал жакта 100дөн бир аз ашкан киши жашаса, азыр 60 эле калды. Сегиз жаштагы Савас Глинатцис башталгыч класстагы жападан-жалгыз окуучу болчу. Ата-энеси бала курдаштары менен ойноп-өссүн деп, башка аралга көчүп кетишти.

Макалада мындай демографиялык көйгөй Жапония, Кытай, Туштүк Кореяда да түзүлгөнү белгиленет. Бирок 27 мамлекет кирген шаркетте ондогон жылдан бери балдар аз төрөлүп келатат. Көпчүлүк өкмөттөрдүн бул багыттагы саясатынан майнап чыккан жок. Калктын азайышы блоктун экономикалык жана геосаясий болочогуна залака тийгизиши мүмкүн.

Анын үстүнө мигранттарга каршы популист партиялар 6-9-июнда өтө турган Европарламентке шайлоодо ийгиликке жетишет деп күтүлүүдө.

“Демографиялык тенденцияларды эске албасак жана алардын кесепетин азайтуу аракетин көрбөсөк, өкүнүчтүү сценарийге туш болобуз”, - деп айтты гезиттин кабарчыларына Еврокомиссиянын демократия жана демография боюнча вице-президенти Дубравка Шуйца.

Андай сценарий деп “атаандаштыкка туруштук бере албай калуу, бюджетке, мамлекеттик кызматтарга, пенсияларга кошумча жүк, жумуш орундарынын бош калуусу” аталууда.

Макаладагы маалыматка караганда, Еврошаркеттин өлкөлөрү үчүн бул жаңы маселе. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин көбүндө “бэби-бум” байкалган, башкача айтканда балдар көп төрөлүп жатты. Андан кийин билимдин өзгөчө аялдар арасындагы жогорулашы, тамактануу, тазалыктын, жугуштуу оорулар менен күрөштүн жакшырышы, калктын өсүшүн көзөмөлдөө балдардын төрөлүшүнүн кескин азайышына жана адамдардын өмүр сүрүүсүнүн узарышына алып келди.

БУУнун сандарына ылайык, биримдикте жумушка жарамдуу калктын же 20-64 жаштагылардын саны 2011-жылы 270 млн болсо, быйыл 261 миллиондун айланасында болду. Бул көрсөткүч салык чогултуу үчүн маанилүү.

Демографиялык төмөндөөнү жөнгө салуу үчүн блоктун айрым мүчөлөрү – Италия, Польша же Грекия финансылык кызыктыруучу чараларды көрүүдө. Мисалы бала төрөлгөндө 2-3,5 миң евро төлөшөт. Венгрияда мамлекет 3 жана андан көп балалуу үй-бүлөлөрдүн насыясын кечет.

Андан тышкары шаркет чет жактардан таланттуу, билимдүү жаштарды тартуу программаларын иштеп чыккан.

Астрономдор Жерге окшогон жаңы планетаны тапты

Британиялык окумуштуулар жаңы планетаны ачышты. Time басылмасы жазгандай, изилдөө Monthly Notices of the Royal Astronomical Society журналында жарык көрдү. Илимпоздордун эл аралык тобу Gliese 12 b деп атаган планетада жашоо бар болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Анын чоңдугу жана климаты дээрлик Жердикиндей.

Gliese 12 b планетасын НАСАнын транзит экзопланетарларды (күн системасынын тышында жайгашкан планеталар) иликтеген спутнигинин жардамы менен табышты. Окумуштуулардын айтымында, аскалуу планетада адам баласы жашап кетиши ыктымал, бирок ал бизден 40 миң жарык жылдай алыстыкта жайгашкан. Ал чакан кызыл жылдызды айланып жүрөт жана бир топ окшоштуктар үчүн "Жердин эгизи" деген атка конгон Венерага да окшоп кетет.

Иллюстрация иретинде
Иллюстрация иретинде

Астрономдор Gliese 12 b планетасында бир жыл 12,8 күнгө созулганын, себеби ал өз жылдызынын орбитасына жакын жайгашканын, энергияны көбүрөөк аларын аныкташты. Планетадагы орточо температура Жердегиден бир аз ашат.

“Бул өңдүү планеталар өтө сейрек жолугат, алар бири-биринен алыс орун алган. Андыктан алардын бирин жакшылап изилдөө, ал жактагы атмосфера жана температура тууралуу маалымат алуу абдан маанилүү”, - деп айтты Би-Би-Сиге иликтөөнүн авторлорунун бири Томас Уилсон.

Жаңы планетада адам баласы жашай алабы деген суроого жооп алуу үчүн окумуштуулар Жердин атмосферасы менен салыштырып, суунун бар-жогун билүүгө тийиш.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG