Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:45

"Вёрстка": Орусияда бутунан ажырагандардын саны өстү


Майып киши. Иллюстрациялык сүрөт.
Майып киши. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда атайын араба же протездер үчүн кезекке турган бир же эки бутунан ажырагандардын саны болуп көрбөгөндөй өстү.

Бул тууралуу "Вёрстка" басылмасы Социалдык камсыздандыруу фондунун маалыматтарын анализдөө менен жазды.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын соңунда атайын араба, отургуч жана протездерге муктаж 446 миң адам каттоодо турган. 2012-жылдын бери жүргүзүлүп келаткан статистикага караганда, 2022-жылга чейин кезекке турган майыптардын саны жыл сайын жети пайызга өссө, былтыр 43% жогорулаган.

2023-жылы ошондой эле 18ден 30 жашка чейинки эркектер арасында майыптыгы барлардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетип, 290 миң кишиге жеткен. Адистердин айтымында эркектер арасындагы мындай статистика Украинадагы согушка байланыштуу.

Ал эми Украинада Орусия ири масштабдагы согуш ачкан 2022-жылдын башынан бери майыптардын саны 300 миңге жеткенин Социалдык саясат министрлиги билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG