Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:08

Харьковдогу чабуулда набыт болгондордун саны 14кө жетти


Харьковдогу гипермаркетке жасалган чабуулдун кесепети. 25-май, 2024-жыл.
Харьковдогу гипермаркетке жасалган чабуулдун кесепети. 25-май, 2024-жыл.

26-майда украиналык куткаруучулар Харьковдогу ракеталык чабуулга туш болгон соода борбордун урандыларынын арасынан күйүп кеткен адамдардын сөөктөрүн алып чыгышты. Облус губернатору набыт кеткендердин саны 14кө жеткенин билдирди.

“Эпицентр” деп аталган курулуш гипермаркетине жасалган 25-майдагы аба соккудан кеминде 60тан ашык киши жабыркаганын Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов билдирди. Ал муну террорчулук катары мүнөздөдү. Ички иштер министри Игорь Клименко дагы бир нече кишинин дайыны белгисиз экенин кабарлады.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, гипермаркетке эки башкаруучу авиабомба тийген. Бул куралдын ар биринин салмагы 250 килограммды түзөт. Реактивдүү системаларга салыштырмалуу бул авиабомбалар соккуну тагыраак урат жана траекториясын тууралай алат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-майдын кечинде жасаган билдирүүсүндө сокку урулган маалда соода борбордо 200дөй киши болгонун билдирди.

Орусиянын мамлекеттик ТАСС маалымат агенттиги коопсуздук кызматындагы ысымын атабаган кызматкерге таянуу менен, эч далил келтирбестен гипермаркеттин ичинде “аскердик кампа жана башкаруучу пункт болгонун” жазды.

Дегеле расмий Москва көптөгөн фото жана видео далилдерге карабастан карапайым тургундарга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG