Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:25

Харьковдо гипермаркетке урулган соккуда кеминде 11 адам мерт болду


Сокку урулган маалда соода жайында 200дөй адам болгон.
Сокку урулган маалда соода жайында 200дөй адам болгон.

Украинанын Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов 25-майда соода борборуна урулган Орусиянын соккусунан каза тапкан 11 кишинин сөөгү аныкталганын билдирди. Буга чейин бери дегенде 40ка чукул адам жараат алганы кабарланган.

Синегубов куткаруу, урандыларды тазалоо уланып жатканын, курмандыктар дагы көбөйүшү ыктымалдыгын белгиледи.

Ишембиде орусиялык армиянын чабуулунда "Эпицентр" гипермаркети талкаланган.

Шаардын мэри Игорь Терехов "көп адам жүргөн соода борборуна урулган сокку - чыныгы террор", - деп жазган.

Буга чейин Синегубов курулуш материалдары сатылган бул жайга башкарылуучу эки авиабомба түшкөнүн билдирген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский сокку урулган учурда гипермаркетте 200 адам болгонун билдирди.

Кремль бул сокку тууралуу комментарий берген жок.

Бир күн мурда ал Харьковдо борборазиялык журналисттер үчүн жыйын уюштуруп, чөлкөмдүн лидерлерин Швейцарияда өтчү Тынчтык саммитине чакырган.

Маалымат жыйыны 23-майда Орусиянын чабуулуна кабылып, кеминде жети киши каза тапкан Харьковдогу басмакананын аймагында өткөн.

Акыркы айларда Харьковду орусиялык күчтөр басып алууга аракет кылууда. 24-майда Украинанын Аскер күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Игорь Прохоренко украин армиясы орусиялык күчтөрдүн облус аймагына карай жылуусун токтото алышканын билдирген. Анын айтымына караганда, Орусия бул аймакта "буфердик зона" түзүүгө аракет кылууда.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG