Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

Аксы районунда сел коркунучунан улам 250 адам эвакуацияланды


ӨКМ тараткан сүрөт.
ӨКМ тараткан сүрөт.

Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Кезарт айылында сел коркунучунан улам 250 адам коопсуз жайга, туугандарыныкына убактылуу көчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25-майда кечки саат 7лер чамасында катуу жааган жаандан улам Кара-Жыгач—Кызыл-Көл жолунун 6-чакырымында сел жүргөнүн, Кара-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, анын жээгине жакын жашаган 60тан ашык үйдү суу каптоо коркунучу жаралганын билдирди.

Учурда селдин кесепетин жоюу, кырсыктын алдын алуу иштери жүрүп жатат. Жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, президенттин облустагы өкүлү баштаган топ жүрөт.

Кыргызстанда быйылкы жаз жаанчыл болуп, бир катар облустарда, аймактарда сел жүрүп, дарыялар, суулар ташкындады.

XS
SM
MD
LG